Ленин чокусунда жоголгон Россия жаранынын сөөгү табылды

Жазылуу
Буга чейин анын куржуну табылган болчу.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Ош облусунун Чоң Алай районундагы Ленин чокусунан түшүп келе жатып жоголуп кеткен Россия жаранынын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Россиянын жараны 27-июль күнү Ленин чокусунан түшүп келе жатып, кечке жуук байланышка чыккан бойдон дайынсыз болуп жаткан. Буга чейинки издөө иштеринде анын куржуну менен визиткасы табылган.

"4-август күнү издөө иштерин 10 куткаруучу уланткан. Мындан сырткары,  «Ак-Сай-Тревел» туристтик компаниясынан 6 альпинист тартылган. Алар маркумдун сөөгүн 6200 метр бийиктиктен таап, 1-лагерге (4400 метр) алып түшүшкөн", — деп айтылат маалыматта.

Учурда сөөктү ӨКМдин куткаруучулары менен "Ак-Сай-Тревел" туристтик компаниясынын альпинисттери базалык лагерге (3800 метр) алып келе жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0