Ысык күчөйт! Айдоочуларга эскертүү берилди

Жазылуу
Августтун биринчи жарымында абанын температурасы жогорку чекке жетери айтылган.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Ысык күчөгөн маалда айдоочулардын алыскы сапарга чыкпай турганы оң. Мындай эскертүүнү ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы берди.

Белгилей кетсек, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги августтун биринчи жарымында күн катуу ысый турганын билдирген.

"Ысык күчөгөндө айдоочулар, жолдо жүргөндөр тез чарчайт. Көбүнүн башы айланып, алы кетет. Буга дени сак адамдар деле тушугушу мүмкүн. Мындай кырдаал жол кырсыктарын шарттайт", — деп айтылат маалыматта.

Күн ысып турганда кооптуу жүк ташыган ири унаанын айдоочулары өзгөчө сак болушу керек. Жолго чыккан машинанын ичинде сөзсүз аптечка, керектүү дары-дармек болушу шарт. Өзүн начар сезе баштаган айдоочу токтоп, эс алгандан кийин гана сапарын улантканы жакшы.

Жаңылыктар түрмөгү
0