Бишкекте төрт эмдин ата-энеси батирден башка эмне белек алышты. Тизме

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваБыйыл 25-февралда Азамат Сманов менен Нурайым Рысмат кызы төрт эмдүү — үч кыз, бир уулдуу болушкан.
Быйыл 25-февралда Азамат Сманов менен Нурайым Рысмат кызы төрт эмдүү — үч кыз, бир уулдуу болушкан. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл 25-февралда Азамат Сманов менен Нурайым Рысмат кызы төрт эмдүү — үч кыз, бир уулдуу болушкан.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Бишкек шаарында жарык дүйнөгө келген төрт эмдин ата-энесине белек-бечкектен тышкары акчалай жардам да берилди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Рождение ребенка в Палембанге - Sputnik Кыргызстан
4 миңден 44 миңге чейин! КР жана башка өлкөлөрдөгү сүйүнчү пулдун көлөмү
Эске салсак, быйыл 25-февралда Азамат Сманов менен Нурайым Рысмат кызы төрт эмдүү — үч кыз, бир уулдуу болушкан. Аларга Арууке, Акбермет, Айчолпон жана Сооронбай деп ат коюшкан. Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков аларга турак жай алуу үчүн 2 миллион сом бөлсө, өкмөт үй-бүлөнүн кем-карчына деп 150 миң сом берген.

Мэриядан кабарлашкандай, Смановдор Тунгуч кичи районунда туугандарынын үйүндө жашап келишкен. Эми алар Көк-Жар конушунан алган өзүлөрүнүн үйүнө көчүп келишти.

"1-августта КР президентинин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев менен Октябрь районунун акими Максим Ситников төрт эмди барып көрүп, ата-энени ак өргөлүү болушу менен куттуктады", — деп айтылат маалыматта.

Ымыркайлар үчүн мэриянын балдардын бардык сүт азыктары ашканасынан керектүү тамак жана республикалык бюджеттен каралган "Үй-бүлөгө көмөк" программасы аркылуу 3 240 сом бөлүнөт.

Бишкек шаардык кеңештин токтомуна ылайык, үй-бүлөгө жергиликтүү бюджеттен 90 миң сом жана республикалык бюджеттен 16 миң сом сүйүнчү берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0