Бизнесмендер тапчу айлыкты бир күндө табам. Россиядагы актер Тойчубеков менен маек

© Фото / Азат АкаевИзвестный актер Алайбек Тойчубеков
Известный актер Алайбек Тойчубеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алайбек Тойчубековдун аты Кыргызстанда көпчүлүккө белгилүү болбогону менен ал Россиянын кино дүйнөсүн багындырып жүргөн таланттуу кыргыз актерлорунун бири. Чыгармачыл карьерасында көптөгөн образдарды жаратып, белгилүү орус тасмаларында атактуу актерлор менен иштешип жүрөт.

Адам башынан эле амбицияны, максатты туура коюшу керек дейт Тойчубеков. Сөз арасында ал киного чогуу тартылган төбөсү көрүнгөн актерлорду да санай кетти.

Sputnik Кыргызстан агенттиги 48 жаштагы актер менен жолугуп, чыгармачылыгы, карьерасы, Россиядагы кино тармагы жана келечектеги пландары тууралуу баарлашты.

– Алайбек мырза, өзүңүз профессионал актер экенсиз. Кино дүйнөсүнө кантип аралашып калдыңыз?

Дарыгер, акын, сүрөтчү жана режссер Ибадылла Аджибаев - Sputnik Кыргызстан
Аялым "мени же кинону танда" деди... Тасма тарткан дарыгер Аджибаев менен маек
– Мен өзүм Алай районунан болом. Мектепти аяктап Ташкенттеги театралдык окуу жайдын Куурчак бөлүмүнө тапшырдым. Бирок тагдыр экен, театралдык студияда билим ала баштадым. Эки жылдан соң Москвадагы Щепкин атындагы жогорку театралдык окуу жайга өтүп кеттим. Аны 1993-жылы ийгиликтүү бүтүрүп, Кыргызстанга кайтып келип, Караколдогу театрда иштеп калдым. Бирок Россия менен ал жердин айырмасы дароо эле байкалды. Себеби союз ыдырап, турмуш оорлогон убак эле. 2-3 ай иштеген соң кайрадан Москвага аттандым. Алгач ал жерде да кыйын күндөр баштан өттү. Бирок киного болгон кызыгуум ушунчалык күчтүү эле, күн сайын камера түшүмө кирчү. 2004-жылы белгилүү "Розыгрыш" телеберүүсүнө кастингге катышып, өтүп кеттим. Баары ошентип башталды. Жылына онго жакын долбоорго катыша баштадым. Ушул убакка чейин жалпысынан 63 тасмага тартылдым. Арасында башкы ролдор да бар.

– Негизинен кандай ролдорду жаратасыз?

– Терс да, оң да каармандар бар. Негизинен азиат тектүү инсандарды аткарам. Бир нече жолу башкы каармандарды ойноп, экрандан көрүнүп калганым үчүн аз да болсо атым таанылып калды. Андыктан, ушунча жылдык эмгегим эске алынып, эпизоддук ролдорго кастингсиз эле чакырышат. 

© Фото / Азат АкаевАлайбек Тойчубеков: кичинекей эпизоддорго катышпайм деп чечкем. Ошондуктан азыр алган каражатым жакшы. Так айтпасам да, күчтүү бизнесмендер бир айда тапкан акчаны бир күндө тапкан убактар болот.
Бизнесмендер тапчу айлыкты бир күндө табам. Россиядагы актер Тойчубеков менен маек - Sputnik Кыргызстан
Алайбек Тойчубеков: кичинекей эпизоддорго катышпайм деп чечкем. Ошондуктан азыр алган каражатым жакшы. Так айтпасам да, күчтүү бизнесмендер бир айда тапкан акчаны бир күндө тапкан убактар болот.

– Сиз катышкан фильмдер Россиянын чоң каналдарынан көрсөтүлөт. Андыктан, гонорарыңыз да жакшы болсо керек?

– 2006-жылдары кичинекей эпизоддорго катышпайм деп чечкем. Себеби башынан эле амбицияны туура коюш керек эле. Ошондуктан азыр алган каражатым жакшы. Так айтпасам да, күчтүү бизнесмендер бир айда тапкан акчаны бир күндө тапкан убактар болот. Бирок ар дайым эле эмес. Ала турган эмгек акымды алдын ала сүйлөшөм. Мен каалаган сумманы бере алышпаса макул болбойм. Бирок тааныш продюсер, режиссерлор бюджет чакан деп суранганда, аз акчага иштеп берген убактар болот.

– Фильмге тартылуу учурунда сизге кандай мамиле кылышат?

– Жеке мага болгон мамиле жакшы. Себеби ар дайым бир нерсе жакпаса ачык айтып, укугумду коргойм. Негизи эле Россияда кино тармагында улутка эмес, статуска карашат. Эпизоддук менен чоң ролдорду аткарган актерлорго эки башка мамиле болот.

Процесс съемки фильма Викинг - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык каскадёрлор "Мулан" тасмасына тартылууда
– Өз мекениңизге кайтып келип, бул жактан тасмага катышуу пландарыңыз барбы?

– Албетте, бар. Сунуштар да түшүп турат. Үч жыл мурун Эрнест Абдыжапаровдун кастинг директору "Шабдан баатыр" тасмасына катышууга чакырган. Мен да макул болуп, Россиядагы бир катар ролдордон баш тарткам. Бирок кийин ал тасма тартылбай калды. Өткөн жылы Көчмөндөр оюнуна катыштым.

– Кыргыз кинолорун көрүп турасызбы?

– Илгерки тасмаларды кайталап көрүп турам. Жаңылардан эки-үч тасма көрдүм. Тилекке каршы, кино эрежесине туура келбеген көп нерсени байкадым. Көргөндөн кийин дароо эле унутулуп кала турган эмгектер экен. Азыр "Дарак ыры" менен "Көк бөрүнү" көргөнгө аябай курсант болуп жүрөм. Убакыттын тартыштыгынан улам өз кезегинде көрө албай калдым эле.

– Кайсы белгилүү актерлор менен иштешип калдыңыз?

– Чогуу тартылган белгилүү актерлор көп эле. Мисалы, Марат Башаров, Лев Дуров, Юрий Назаров, Анна Снаткина, Дмитрий Нагиев, Андрей Панин, Александр Домогаров менен чогуу иштешип калдым. Белгилүү режиссерлор Бахтиер Худойназаров, Нурбек Эгендин чыгармаларында роль жараттым. 

© Фото / предоставлено Алайбеком ТойчубековымАктер: Россияда кино тармагында улутка эмес, статуска карашат. Эпизоддук менен чоң ролдорду аткарган актерлорго эки башка мамиле болот.
Бизнесмендер тапчу айлыкты бир күндө табам. Россиядагы актер Тойчубеков менен маек - Sputnik Кыргызстан
Актер: Россияда кино тармагында улутка эмес, статуска карашат. Эпизоддук менен чоң ролдорду аткарган актерлорго эки башка мамиле болот.

– Ролду кантип тандайсыз? Ал сизди эмнеси менен тартышы керек?

– Азыр тасманы кимдин тартаары жана кайсыл каналда экендигине көңүл бурам. Андан соң алгач сценарийди окуп, жактырсам кастингге барам.

– Тасмага тартылуу учурунда кандай кызыктуу окуяларга туш келесиз?

Кыргыз киносунун түптөөчүлөрүнүн бири болгон режиссёр, манас таануучу, Эл артисти Мелис Убукеев жана актер Болот Бейшеналиев. Архив  - Sputnik Кыргызстан
Арманы - "Манас" көркөм фильмин тартууга жетишпей калган. Убукеев жөнүндө 7 факты
– Бул кесип өзү кызыктуу болгондуктан, андай окуялар көп кездешет. Бир жолу полиция кызматкерлери тууралуу сериалга чакырышты. Барсам туткунга түшүп калган тажик жаранын аткарып бер деп калышты. Мен: "Тажикке окшош эмесмин. Келгиле, кыргыз кылалы",- дедим. Макул болуп сценарийди өзгөртүштү. Анан мен ал каарманга Мейманбай Балтабаев деген классташымын атын берип койдум. Азыр ал досум барган сайын тоогун союп тосуп алат.

Эки жыл мурда "София" тарыхый тасмасына катышып калдым. Сценарий боюнча 8 жаштагы хандын баласы бар экен. Ага ылайыктуу жаш актер таппай жатышыптыр. Дароо балам эске түшүп, режиссерго айттым. Уулум Кыргызстанда болчу. Видео аркылуу кастингге катышып өтүп кетти. Ошентип бир киного чогуу катыштык. Өтө жакшы ойноп, баары ыраазы болуп, мен да сыймыктандым.

– Үй-бүлөңүз тууралуу айта кетсеңиз?

– Бир уул, эки кызым бар. Алар Кыргызстанда турушат. Эс алуу убагында Россияга келишет.

– Алдыдагы чыгармачыл пландарыңыз тууралуу айта кетсеңиз?

– Албетте, камеранын алдында гана эмес, аркасына өтүү да ниетим бар. Азыр бир-эки долбоор менен иштеп жатам. Кыргызстанга келип, аларды режиссер катары ишке ашырсам деп турам. Бул жаатта тажрыйбам жетиштүү эле. Бир топ тасмада жардамчы режиссер, директор катары эмгектендим. Продюсерликке даяр экендигиме көзүм жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0