Апта аягында ысык бир аз кайтат. Бир жумага карата аба ырайы

Жазылуу
Кыргызгидромет бир жумага карата аба ырайынын божомолун айтты.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. 4-августта Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Пляжный сезон на Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан
Жайдын акыркы айы кандай болот? Августка карата аба ырайы
5-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

6-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

7-8-августта жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетиши ыктымал.

9-10-августта тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. 10-августта абанын күндүзгү температурасы төмөндөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0