Суу жээктеги Анжелика, Шевченко, Каримова... Таанымалдардын эс алуусу сүрөттө

© Фото / Pixabay/ sasintОтдых на пляже
Отдых на пляже - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жайында суудан чыккың келбейт! Аны социалдык тармактардан элге таанымал кыз-келиндердин сүрөттөрү да айгинелеп тургандай. Арасында кереметтүү Ысык-Көлгө түшкөндөрү же болбосо чет мамлекеттеги көлдөргө барганы да бар.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги коомчулукка белгилүү болуп калган ар тармактагы кыз-келиндердин көлдө эс алып жүргөн сүрөттөрүн сунуштайт. Алардын кээси бикиничен болсо, айрымдары жеңил көйнөкчөн.

1. Чолпон Талипбек

Ырчы мурда Максат Садырбеков менен Non stop дуэтинде ырдаган. Учурда жеке чыгармачылыгы менен алек. Ал Instagram баракчасындагы сүрөтүндө Кыргызстанда экендигин белгилеген.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Чолпон Талипбек (@cholpon_talipbek)

Чолпон Талипбек 29 жашта. Анын Instagram баракчасына катталгандардын саны миллиондон ашат.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Чолпон Талипбек (@cholpon_talipbek)

2. Бегимай Карыбекова

Кымча бел моделдин ар бир сүрөтү көз жоосун алат. Ошондой эле купальникчен ирмемдерин байма-бай чыгарып турат. Анын жазганына караганда, Ысык-Көлгө барып түшкөн.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от BEGIMAI KARYBEKOVA (@begimai_karybekova)

Дагы бир сүрөтүндө Таиландда сууга түшкөн.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от BEGIMAI KARYBEKOVA (@begimai_karybekova)

Бегимай Карыбекова 21 жашта. Эл аралык жана дүйнөлүк сулуулук сынактарына катышып келет.

3. Анжелика

Шоу-бизнестеги эң эле таанымал ырчынын жүктөгөн сүрөттөрүнөн жана алардын астына «Саякатты жакшы көрөм» деп жазганынан улам чет өлкөдө эс алганын болжоого болот.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Анжелика 🌹 Kyrgyzstan (@anjelika_kairatovna_official)

Анжелика Кайратова 30 жашта. Ырчылыктан сырткары ишкерлик менен алектенип, телеканалда автордук берүүсүн алып барат. Instagram катталуучуларынын саны миллиондон ашат.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Анжелика 🌹 Kyrgyzstan (@anjelika_kairatovna_official)

4. Айжан Асемова

Асемова Instagram баракчасында бьюти-блогер катары таанымал. Сулуулукка кам көрүү боюнча постторду жазып, видео сабактар менен бөлүшүп келет.

Ал жакында эле кереметтүү Ысык-Көлдө эс алып жүргөн сүрөтү менен бөлүшкөн.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от A i j a n A s e m o v a (@aijanasemova_)

Айжан Асемова 21 жашта. Жарнама жана коомчулук менен байланыш адистиги боюнча билим алат.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от A i j a n A s e m o v a (@aijanasemova_)

5. Эже-сиңди Шевченколор

Кыргызстандан чыккан UFC уюмунун мушкерлери, эже-сиңди Антонина менен Валентина Шевченколордун жаратылыш койнунда эс алганын көп байкоого болот. Сууга түшүп, балык уулап, ар кайсы элдин ашканасынан даам сызганды жакшы көрүшөт.

Сүрөттө спортчу кыздар суу жээкте купальникчен турушат.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Antonina La Pantera Shevchenko (@antoninapantera)

Валентина Шевченко былтыр польшалык Жоанна Енджейчикти утуп, 57 килограмм салмактагы чемпион болгон.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Valentina Shevchenko (@bulletvalentina)

Ал эми эжеси Антонина Шевченко 3-августта UFC уюмундагы үчүнчү беттешине чыгып, жеңишке жетти.

6. Самара Каримова

Ырчы суудагы кайыкта көйкөлө отурган сүрөтүн чыгарып, бирок ал кайсы жакта тартылганын белгилеген эмес.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Samara Karimova (@samarakarimovasinger)

28 жаштагы Самара Каримова "КРдин эмгек сиңирген артисти" наамын алган. Актриса катары да өзүн сынап, тасма, спектаклдерде ойнойт. Ишкерлик менен алектенет.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Samara Karimova (@samarakarimovasinger)

7. Элвира Сурабалдиева

Парламенттеги активдүү депутаттардын бири Элвира Сурабалдиева кум үстүндө отурган сүрөтүн чыгарды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Эльвира Сурабалдиева (@elvirasurab)

"Ысыкта кыйналгандардын ачуусуна тиет окшойм. Бул сүрөттү жылуу сөздөр менен белгилеп койгум келди",- деп соцтармактагы досторуна ыраазычылыгын айткан. Эл өкүлүнүн сүрөтү жана жазгандары Ысык-Көлдө эс алып жүргөнүнөн кабар берет.

8. Алтынай Эмилбекова

Келишимдүү модель, сулуулар конкурсунун катышуучусунун дагы ар бир ирмемин катталуучулар жакшы маанай менен кабыл алышат. Алтынай дагы күн ысыкта көлгө чумкуганын билдирген.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Kyrgyzstan.Bishkek. (@altynai_emilbekova)

Эмилбекова 25 жашта. Instagram баракчасында кийимдерди жарнамалап келет. Модель катары бир нече кийим дүкөн менен иштешери маалым.

9. Айгерим Расул кызы

Элге таанымал ырчы, бийчи Ысык-Көлдө эс алып жаткандыгын кабарлаган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Айгерим Расул кызы (@aigerim_rasul_kyzy)

Айгерим Расул кызы 28 жашта. Учурда үй-бүлөлүү, эки баланын энеси. Үч жашынан баштап атасы Расул Маматкулов менен бирге чоң сахнага бийлеп чыга баштап, кийин жеке ырчы катары таанылган.

10. Аида Даниярова

Актриса "Салам, Нью-Йорк" тасмасындагы ролунан кийин таанылган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Be yourself (@adaniyarova)

Учурда жолдошу менен ишкерликти аркалап, кызын тарбиялоо менен алек экендиги айтылат.

11. Жийдеш Идирисова

Шоу-бизнесте таанымал ырчылардын бири Ысык-Көлдө эс алып жүргөнүн белгилеп, купальникчен сүрөтү менен бөлүшкөн.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Jiidesh İdirisova_official (@jeedesh)

Жийдеш Идирисова 2015-жылы Стамбул шаарында өткөн эл аралык Turkvizyon ыр конкурсунда атаандаштарын ат чабым артта калтырып, биринчи орунду багынткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0