Кыргыз тилин эки айда үйрөнгөн япон кызы Риса: тойдогу элди көрүп таң калдым

© Sputnik / Досхан НусупбековПреподаватель английского, японка Риса Мацумаро
Преподаватель английского, японка Риса Мацумаро - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Япон кызы Риса Мацумаро бир жылдан бери Нарын облусунун Ат-Башы районунда жашайт. Ал балдарга англис тилин үйрөтөт. Айрымдар кыргыз тилин Кыргызстанда жашап жүрүп үйрөнө албай жатса, бул ыктыярчы тилди эки айда өздөштүрүп алган. Азыр кыргызча түш жоруйт.

Эсиңиздерде болсо бир жума мурда Facebook социалдык тармагынын Марс Орозов аттуу колдонуучусу баракчасына кыргыз тилинде суудай сүйлөгөн америкалык кыздын видеосун жарыялаган. Бул роликти 90 миңден ашык колдонуучу көрүп, 2 миңден көп киши бөлүшкөн.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы социалдык тармакта "жылдыз" болгон америкалык кызды таап, аны менен маектешүүгө үлгүрдү.

Биз чалган убакта Риса Мацумара Бишкекте экен. Студиябызга келип, кыргыз тилинде кызыктуу маек куруп, Апаз Жайнаковдун "Кыргыз жери" деген ырын ырдап берип кетти. Баса, Риса менен бирге Марс Орозов да келип, япон кызын кандайча кезиктирип калганын сөз кылып отурду.

— Риса, өзүңүз тууралуу айтып бересизби?

— Менин улутум япон, бирок Америкада төрөлүп өскөм. Ата-энем, бир туугандарым ушул тапта АКШда турушат.

— Кыргызстанга кандайча келип калдыңыз?

— Америкада "Тынчтык корпусу" деген программа иштейт. Ал жакта ар кайсы өлкөгө ыктыярчы жиберип англис тилин үйрөтөбүз. Мен Кыргызстанга ошол программанын арты менен келип калдым. Бул жакта жүргөнүмө бир жылга чукулдады. Негизи окутуу мөөнөтүм эки жыл. 

© Sputnik / Эркин СадыковРиса Мацумаро: кыргыз эли меймандос, жаратылышы кооз. Маданияты, элдин жашоо-турмушу америкалыктардыкынан такыр башкача. Бул жакта койлор да, тойлор да көп экен.
Кыргыз тилин эки айда үйрөнгөн япон кызы Риса: тойдогу элди көрүп таң калдым - Sputnik Кыргызстан
Риса Мацумаро: кыргыз эли меймандос, жаратылышы кооз. Маданияты, элдин жашоо-турмушу америкалыктардыкынан такыр башкача. Бул жакта койлор да, тойлор да көп экен.

— Көнүп калган турбайсызбы. Жагып атабы?

— Ооба, сонун өлкө экен. Эли меймандос, жаратылышы кооз. Маданияты, элдин жашоо-турмушу америкалыктардыкынан такыр башкача. Бул жакта койлор да, тойлор да көп экен. Конокко жүздөн ашык киши келип, дасторкону да кең жайылат. Жашоосу аябай кызыктуу. Көнүп калдым.

— Кыргызча жакшы сүйлөйт экенсиз. Канча убакытта үйрөндүңүз?

— Кыргыз тили чындыгында татаал экен. Анын үстүнө англис тилинен айырмаланып турат. Ошондуктан башында кыйналдым. Биз адегенде Чүйдө жашадык. Бул жактан күнүнө алты сааттан кыргыз тилин окудук. Мен күн сайын жеңилирээк беш сөз үйрөнүп, андан кийин 10, 15, 20 сөз жаттап, эки айда кыргызча сүйлөп калдым. 

© Sputnik / Досхан НусупбековРиса Мацумаро: Кыргыз тили чындыгында татаал экен. Мен күн сайын жеңилирээк беш сөз үйрөнүп, андан кийин 10, 15, 20 сөз жаттап, эки айда кыргызча сүйлөп калдым.
Кыргыз тилин эки айда үйрөнгөн япон кызы Риса: тойдогу элди көрүп таң калдым - Sputnik Кыргызстан
Риса Мацумаро: Кыргыз тили чындыгында татаал экен. Мен күн сайын жеңилирээк беш сөз үйрөнүп, андан кийин 10, 15, 20 сөз жаттап, эки айда кыргызча сүйлөп калдым.

— Азыр Ат-Башыда балдарга сабак берет турбайсызбы?

— Ооба, Чүйдөн кыргызча үйрөнгөн соң Ат-Башыга бардым. Ал жактан кыргызча сүйлөгөнүм кыйла жакшырды. Анткени айыл эли жалаң кыргызча баарлашат турбайбы. Ат-Башыда мектеп окуучуларынын сүйлөө речин өстүрүүгө басым жасайбыз. Балдар аябай аракетчил, бат эле үйрөнүп кетишти. Англис тил мугалимдеринин да билим деңгээли жогору экен.

— Батирде турасызбы?

— Жок, ал жакта кыргыз үй-бүлөм, атам, апам, бир туугандарым бар. Үйдөгүлөр мени Ырыскүл дешет. Окуучулар эле Риса эже деп кайрылат. 

© предоставлено Рисой МацумароРиса Мацумаро: Ат-Башыда мектеп окуучуларынын сүйлөө речин өстүрүүгө басым жасайбыз. Балдар аябай аракетчил, бат эле үйрөнүп кетишти.
Кыргыз тилин эки айда үйрөнгөн япон кызы Риса: тойдогу элди көрүп таң калдым - Sputnik Кыргызстан
Риса Мацумаро: Ат-Башыда мектеп окуучуларынын сүйлөө речин өстүрүүгө басым жасайбыз. Балдар аябай аракетчил, бат эле үйрөнүп кетишти.

— Ат-Башыда мал, эт көп эмеспи. Тамак-аштан кыйналган жоксузбу?

— Чынын айтсам, АКШда мен эт жечү эмесмин. Ат-Башыда баары жалаң эт жешет экен. Кийин көндүм, бирок көп эт жебейм, ичим ооруй берет.

— Улуттук тамак-аштан кайсылары жакты?

— Оромо, манты, пельменди жакшы көрөм. Бешбармак деле жагат, бирок эти көп болгондуктан аны аз эле жейм. Оромо, манты жасаганды үйрөнүп алгам, колум бош болгондо өзүм жасай салам. 

© Фото / предоставлено Рисой МацумароРиса Мацумаро: Ат-Башыда үйдөгүлөр мени Ырыскүл дешет. Окуучулар эле Риса эже деп кайрылат
Кыргыз тилин эки айда үйрөнгөн япон кызы Риса: тойдогу элди көрүп таң калдым - Sputnik Кыргызстан
Риса Мацумаро: Ат-Башыда үйдөгүлөр мени Ырыскүл дешет. Окуучулар эле Риса эже деп кайрылат

— Кыргыздын каада-салттары да кызыктуу бекен?

Кыргыз тилчи Людмила Войтышина: мага орус тилинен сабак берүү татаал - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз тилчи Людмила Войтышина: мага орус тилинен сабак берүү татаал
— Аябай. Айрыкча биринчи жолу мал сойгонду көргөндө оозум ачылган. Башында бата кылып, анан кыбыланы каратып туруп так эрежеси менен соёт экенсиздер. Ашыкча эч нерсе жок. Устукан тартуу маданияты да бир укмуш. Тойдо кишилердин саны да мени таң калтырды. Бирок мага ушундай жашоо жагат, кызыктуу экен. Баса, мага ат минген абдан жакты. Атты өзүм эле токуп алып минип кетем. Ошондой эле кара жорго бийин да бийлегенди жакшы көрөм.

Ал ортодо кепке Марс Орозов аралашып, Рисаны ат минип бараткан жеринен көрүп калганын айтып берди.

— Ат-Башыга барып тоодон автоунаам менен кетип бараткам. Карасам жаш эле кыз ат минип, артына жылкы жетелеп алыптыр. Таң калып ичимен "кыйын кыз экен" деп койгом. Боз үйдө отурсам эле баягы кыз кирип келди. Ар нерсени сурасам кыргызча жооп бергенинен чет өлкөлүк деп деле ойлогон эмесмин. Анан "кайсыл жактан болосуң?" десем "Америкадан" дейт. Кыргызча жакшы сүйлөгөнүнө суктанып, таң калып, баягы видеону соцтармакка жүктөп койгом. Эртеси карасам аябай көп киши көрүптүр. Океандын ары жагынан келсе да кыргыздын маданиятын, тилин сыйлап үйрөнгөнү элге жакты окшойт. 

— Риса, бир жылдан кийин келишим аяктайбы?

— Ооба, бир жылдан кийин кетем.

— Кыргыз жигиттеринин бири колуңузду сурап калсачы?

— Азырынча аны ойлонгон жокмун, себеби мектепте жумуштарым көп. Бирок мага Кыргызстан аябай жакты, бул жактан көп дос күттүм, тааныш таптым. Буюрса, кийинки жылы жайында АКШдан ата-энем, бир туугандарым да келет. Атама кыргыз калпагын сатып алгам, келсе ошону кийгизем. Келишим аяктагандан кийин буюрса дагы 10-15 жылга келем деген оюм бар. 

© Фото / предоставлено Рисой МацумароРиса Мацумаро: мага ат минген абдан жакты. Атты өзүм эле токуп алып минип кетем. Ошондой эле кара жорго бийин да бийлегенди жакшы көрөм.
Кыргыз тилин эки айда үйрөнгөн япон кызы Риса: тойдогу элди көрүп таң калдым - Sputnik Кыргызстан
Риса Мацумаро: мага ат минген абдан жакты. Атты өзүм эле токуп алып минип кетем. Ошондой эле кара жорго бийин да бийлегенди жакшы көрөм.

— Өлкөнүн дагы кайсы аймактарын кыдырдыңыз?

— Талас менен Жалал-Абад облусунан башка жердин баарында болдум. Кеткиче ушул эки облуска барайын деп пландап жатам. Эки күндөн кийин Ат-Башыга барсам, кыргыз ата-энем менен Соң-Көлдү көрөм.

Жаңылыктар түрмөгү
0