Эмне үчүн рулда баратканда телефон менен сүйлөшпөш керек. Сабак болчу видео

Жазылуу
YouTube каналында скутер айдап баратып телефон менен сүйлөшкөн кишинин жерге кулап түшкөн видеосу көрүүчүлөрдүн бир топ сынына кабылды.

Окуя июлдун аягында Хошимин (Вьетнам) шаарында болгон.

Видеодо көрүнүп тургандай, чөнтөк телефону менен берилип сүйлөшүп бара жаткан скутердин айдоочусун аз жерден унаа коюп кете жаздаган. Андан соң ал оңго бурулууга аракет кылып, бирок башкара албай скутерден жерге кулап түшкөнүн көрүүгө болот.

Бактыга жараша окуядан эч ким жабыркаган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0