Москвадагы кыргыз мигранттары 43 күн жоголгон таиланддык кишини таап беришти. Сүрөт

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүГорода мира. Нью-Йорк
Города мира. Нью-Йорк - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз мигранттары таиланддык кишинин боор ооруган абалда экенин байкап, жардам берүүнү чечишкен.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Россиядагы кыргызстандыктар дайынсыз жоголгон Таиланддын жаранын табууга көмөк көрсөткөндүгүн Bangkok Post. басылмасы жазып чыкты.

Таксист Нурсултан Кайназаров - Sputnik Кыргызстан
Аз жерден калдым! Москвада 1 млн. рублди ээсине кайтарган таксисттин маеги
36 жаштагы Утай Венбап Будапештте (Венгрия) башкы ашпозчу болуп иштейт. Ал мекенине Москва аркылуу кайтмак, бирок Бангкокко уча турчу каттамы беш күнгө кармалып калган. Мындан улам аэропортто сыра ичүүнү чечип, ошол бойдон дайынсыз жоголуп кеткени айтылат.

Утайдын туугандары арыз менен Таиланддын жана Россиянын полициясына кайрылган. Акыркы ирет аны 15-июнда Шереметьеводо көрүшкөн. Ушул жумада ашпозчу Москванын тегерек четиндеги Химки шаарында экендиги билинген. Россиялык ЖМКлардын маалыматы боюнча, таиланддык киши акчасы жок калып, таштанды тазалагыч болуп иштөөгө аргасыз болгон.

31-июлда Россиядагы Таиланддын элчилиги Facebook баракчасы аркылуу Утай табылганын билдирип, сүрөтүн жарыялаган.

"Кайрымдуу адамдар — Москвада иштеген Кыргызстандын жарандары Утай боор ооруган абалда экенин көрүп, элчилик менен байланышкан. Утайдын маанайы ачык, ден соолугу чың", — деп айтылат билдирүүдө.

"Известия" жазгандай, таиланддык киши Венгрияга учарда өзүнүн кайтып бара жаткандыгын майрамдаган. Бирок Москвадагы аэропорттон дагы беш күнгө кармаларын укканда маанайы чөгүп, ичип алган. Өзүнүн айтымында, ал күн эсинде жок.

Ортодо ал аба майданындагы дүкөндүн кызматкери менен уруша кетип, аны полиция кармап, кайра коё берген. Кийин паспортун жана оокаттарын жоготуп алган. Учурда Таиланддын Россиядагы элчилиги Утайды мекенине кайтаруу менен алектенип жатканы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0