4 миңден 44 миңге чейин! КР жана башка өлкөлөрдөгү сүйүнчү пулдун көлөмү

© AFP / Bagus KurniawanРождение ребенка в Палембанге
Рождение ребенка в Палембанге - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башка мамлекеттерде кош бойлуу аялдар менен жаңы төрөлгөн ымыркайларга кандай камкордук көрүлүп, кандай жөлөк пул каралганын Sputnik Кыргызстан агенттиги иликтеп көрдү.

Кыргызстанда 2018-жылдын 1-январынан тарта жаңы төрөлгөн ымыркайларга бир жолу берилчү "сүйүнчү пул" жөнүндө мыйзам күчүнө кирген. Ага ылайык, жарык дүйнөгө келген ар бир балага мамлекет 4 миң сомдон берет.

Билбей калбаңыз! Мамлекет сизге бере турган акча каражаты - инфографика - Sputnik Кыргызстан
Билбей калбаңыз! Мамлекет сизге бере турган акча каражаты
2019-жылдын июль айынан баштап "сүйүнчү пулду" алуу процесси жеңилдеди. Эгер буга чейин акчаны алуу үчүн бир нече документ чогултуп, убакыт создугуп кете турган болсо, эми сүйүнчү пулду алууда ата-эненин паспорту гана керектелип, акча эки-үч күндүн ичинде эле колго тиет.

Sputnik Кыргызстан агенттиги башка мамлекеттерде дагы эне-баланы колдогон программалар жөнүндө билип көрдү.

Финляндияда ар бир үй-бүлө мамлекеттен ымыркай үчүн керектүү буюмдар салынган атайын кутуча алышат. Мындай жардам бул мамлекетте 1938-жылдан тарта берилип келет. Керектүү буюмдардын тизмеси Kela пенсиондук-социалдык мекемеси тарабынан иштелип чыккан. Алгач кутучанын максаты аялдарды ымыркайлардын өлүмүн азайтуу үчүн медициналык жардамдан коркпой пайдаланууга үгүттөө болчу. Ал эми бүгүнкү күнү бул көрүнүш дүйнөлүк трендге айланды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Kela | Fpa (@kela_fpa)

Ымыркай төрөлгөнгө чейин ата-энелерге кутучаны же 150 евро өлчөмүндөгү акчалай жардам алуу сунушталат. Финляндиядагы үй-бүлөлөрдүн 95 пайызы кутучаны тандашат.

Кутучада 53 буюм бар. Анын ичинен матрац, уктоочу төшөк, кышкы комбинезон, жалаяктар жана балага кам көрүүчү каражаттарды тапса болот. Ошондой эле жумшак оюнчуктар да салынган. Ал эми кутучанын өзү ымыркайга керебет катары колдонулат.

Кутучанын ичинде эмнелер бар экенин бул видеодон толук көрсөңүз болот.

Кийинчерээк финдердин тажрыйбасы башка мамлекеттерде да колдонула баштаган. Тактап айтканда, Улуу Британияда, Индияда, Сингапурда, Түштүк Африка республикасынын айрым аймактарында жана АКШнын бир нече штаттарына жайылган.

Кутучанын ичиндеги буюмдар ал колдонулган мамлекеттин муктаждыктарына, шартына жараша жасала баштаган. Мисалы, Түштүк Африкада кутучаны желимден жасашат. Аны энелер баланы жуунтуучу дагара катары колдонушат. Түштүк Африкада дагы ымыркайларга берилчү кутуча аялдарды боюна бүткөндөн тарта акушерге коркпой барып көрүнүүсүн шарттоо үчүн киргизилген.

Индияда жаңы төрөгөн аялдар көбүнесе дары-дармек жана төрөттөн кийин инфекциянын алдын алуу үчүн таза ич кийим, анан ымыркайды малярия дартынан коргоо үчүн чиркейге каршы тор алышат.

Россияда

Россияда жаш энелерге ушундай кутучаларды берүү демилгесин Москванын мэри Сергей Собянин көтөргөн. 2018-жылдан тарта Москвада жашаган үй-бүлөлөр жаңы төрөлгөн бала үчүн атайын майрамдык кутучаларды ала баштаган. Анын ичинде 44 буюм бар. Бул кутуча эне төрөтканадан чыгып жатканда берилет. Ушундай эле майрамдык кутучаны берүүнү Москва облусунун бийлиги да киргизген. Ал эми ымыркай төрөлгөндө бир берилчү акчалай жардамдын көлөмү 17 479 сомду түзөт.

Молдовада

Депутат БГК Адиса Имангазиева - Sputnik Кыргызстан
Радио
Имангазиева: Бишкекте төрөлгөн үч эмдерге 90 миң сом берилет
Кээ бир мамлекеттер төрөгөн аялдарды колдоо үчүн атайын кутучаны киргизүүгө ашыкса, айрым мамлекеттер аны жокко чыгарып, акчалай жардам көрсөтүүнү эп көрөт. Мисалы, Молдовада кутучаны 2019-жылдын июль айынан тарта жокко чыгарып, анын ордуна 445 доллар өлчөмүндө бир жолу жөлөк пул берилмей болду. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, ымыркайлардын кутучасын даярдоо үчүн товар сатып алуу мыйзам бузуу менен өткөндүктөн белек берүү толук жокко чыгарылган.

Латвияда

Латвиянын бийлиги ар бир төрөлгөн ымыркай үчүн 421 евро сүйүнчү берет. Андан сырткары, жергиликтүү бийликтен дагы акчалай жардам каралган. Анын көлөмү аймактарга жараша өйдө-ылдый болуп турат. Мисалы, Ригада 150 евро төлөнсө, Юрмалада бул сумма 500 еврого чейин жетет.

Чехияда

Чех мамлекети ар бир төрөлгөн ымыркайдын ата-энесине 630 доллар сүйүнчүдөн тышкары башка белектерди да берет. Аны алуу үчүн сөзсүз түрдө эле Чехиянын жараны болуу шарт эмес. Болгону ата-энелердин бирөө өлкө аймагында мыйзамдуу түрдө бир жылдан кем эмес жашашы зарыл. Эң башкысы — ымыркай да Чехияда болушу керек.

Коңшуларда абал кандай?

Казакстанда 2019-жылдан тарта жаңы төрөлгөн ымыркайга 95 950 теңге (250 доллар) берилсе, Өзбекстанда 405 миң сум (3267 сом — 2019-жылдын 31-июлуна карата курстун баасы — ред.) ыроолонот.

Биздин колумнист Каныбек Бейшенбеков жаңы төрөлгөн перзентке "сүйүнчү пулду" алуу канчалык татаал экенин жон териси менен сезген.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0