Меккеде кыргызстандык зыяратчыларды автобустар бекер ташый баштады

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүАжылык сапар. Архив
Ажылык сапар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда болочок ажылар Мекке шаарынын Дауар Кудей районундагы сегиз жатаканага жайгаштырылып, ажылыкка чейинки ибадаттарын аткарышууда.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Кыргызстандык ажыларды Мекке шаарында ташый турчу акысыз автобустар ишке киришти. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, Кыргызстандан барган зыяратчылар Мекке шаарынын Дауар Кудей районундагы сегиз жатаканага бекер жайгашып, ажылыкка чейинки ибадаттарын аткарышууда.

"Ажылар үчүн уюштурулган автобустар айланма жол аркылуу мейманканадан ыйык Кааба мечитине алып барса, ал эми калган автобустар Кааба мечитинен өз амалдарын аткарып чыккан ажыларды мейманканаларга жеткирет", — деп айтылат билдирүүдө.

Верующие у Стены Плача в Старом городе Иерусалима - Sputnik Кыргызстан
Ажылык учурунда селфи кылса болобу? Адистин пикири
Муфтияттын быйылкы жылдагы ажылыкты уюштуруу штабы ажылыктын калькулациясында каралган каражаттын негизинде "Рабитатул Макка" ишканасынан автобустарды 25 күнгө ижарага алган. Автобустар ыйык Кааба мечитине күнү-түнү тынымы жок каттап, кыргызстандык ажыларды ташып турат. Бул кызмат ажылык иштерин жакшыртуу максатында быйыл экинчи жолу уюштурулуп жатканы айтылды.

Эскерте кетсек, быйыл Сауд Аравия Кыргызстанга 6010 квота бөлүп берген.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0