Мамлекеттик сатып алууга үн кошкуңуз келеби? Call-борбор ишке кирди

© Sputnik / Табылды КадырбековДевушка говорящая по стационарному телефону
Девушка говорящая по стационарному телефону - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Call-борбордун негизги максаты — жарандарды кызыктырган суроо-талаптарга жооп жана кеңеш  берүү.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Өткөн аптада Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин маалымдоо кызматы (Call-борбор) ишке кирди. Бул тууралуу маалымат ведомствонун сайтына жарыяланды.

Открытие сайта для мигрантов www.elchi.ru - Sputnik Кыргызстан
Россиядагы кыргыз мигранттары үчүн жаңы сайт ачылды
Call-борбордун негизги максаты — элди кызыктырган суроо-талаптарга жооп жана кеңеш берүү. Ошондой эле мамлекеттик сатып алуулар системасын жакшыртуу үчүн көп бериле турган суроолорду талдоо. Байланыш номери — 0312 62-66-62.

Белгилей кетсек, Мамлекеттик сатып алуулар департаменти бюджеттик каражаттардын, чет өлкөлүк насыялардын жана гранттардын эсебинен товарларды жана кызматтарды сатып алуу боюнча саясат жүргүзгөн орган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0