Бейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Эмиль Садыров село деревьяСело Токтобек-Сай Токтогульского района Жалал-Абадской области
Село Токтобек-Сай Токтогульского района Жалал-Абадской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бейшембиде өлкөнүн айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

БИШКЕК, 31-июл.— Sputnik. 1-августта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Ал эми күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Жара в Японии - Sputnik Кыргызстан
Японияда ысыктан улам 11 адам каза болду
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда +34…+39, Таласта +32…+37, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +35…+40 градус ысык болот.

Ысык-Көлдө +24…+29, Нарын аймагында +25…+30 градус болору айтылды.

Ош жана Бишкек шаарларында күн ачык болуп, абанын температурасы +37…+39 градуска жетет.

Чолпон-Ата шаарында термометр +24...+26 градусту көрсөтөт.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0