Кыргызстандыктар үчүн АКШ визасынын наркы арзандайт

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүСША приостанавливают выдачу неиммиграционных виз в России
США приостанавливают выдачу неиммиграционных виз в России - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысынын орун басары Жонатан Хениктин Кыргызстанга болгон иш сапарынын жүрүшүндө визалык төлөмдөрдү азайтуу боюнча келишимге кол коюлду.

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. АКШ бийлиги Кыргызстандын жарандары үчүн студенттик жана жумушчу визаларынын наркын төмөндөтөт. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен кабарлашты.

Председатель ГРС КР Алмаз Мамбетов  - Sputnik Кыргызстан
Радио
Мамбетов: паспорт чыгаруу боюнча жаңы тендер жарыяланат
Ага ылайык, мындай макулдашууга АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысынын орун басары Жонатан Хениктин Кыргызстанга болгон иш сапарынын жүрүшүндө жетишти. Өз кезегинде Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Борбор Азиядагы Америка университетинде окуган чет элдик студенттерге виза берүүнү жеңилдетүүгө макул болгон.

Бүгүнкү күнү кыргызстандыктар үчүн визанын баасы категориясына жараша 160 доллардын тегерегинде. Андан сырткары, визаны алууда кошумча 25 доллардан 45 долларга чейин кошумча төлөнүшү ыктымал. Визанын жаңы баасы тийиштүү процедуралар аяктагандан кийин так белгилүү болот. Өзгөртүүлөр 7-августтан тарта күчүнө кирет.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0