Бишкекте бакчадан качып кеткен 6 жашар бала түн ортосунда табылды

© Фото / Free-PhotosКичинеке баланын сөлөкөтү. Архив
Кичинеке баланын сөлөкөтү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бөбөктүн жоголуп кеткендиги тууралуу маалымат милицияга саат 19.20лар чамасында түшкөн.

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Бишкекте кечээ кечинде бала бакчадан качып кеткен алты жашар бөбөк түн ортосунда табылды. Бул тууралуу Бишкек милициясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Село Кулунду Лейлекского района Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Аламүдүндө колу байланган 9 жаштагы кыз табылды. Сүрөт жана окуянын чоо-жайы
Белгилүү болгондой, бала тери завод аймагы жактагы бала бакчадан өз алдынча чыгып кеткен. Бөбөктүн жоголуп кеткендиги тууралуу маалымат милицияга саат 19.20лар чамасында түшкөн. Аны туугандары дагы издеп, социалдык тармакта маалымат тараган.

Бирок издөөдөн түн жарымда гана мыйнап чыкты. Милиция наристени Жибек Жолу проспектиси менен Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинен түнкү саат 1.00дө таап, ата-энесине өткөрүп берген.

Кечке маал редакция баланын энеси Сайкал Маллабекова менен байланышты. Ал ортодо түшүнбөстүк болгонун, бала бакчадан качып чыкпаганын билдирди.

Келиндин айтымында, наристени бакчадан 16 жаштагы эжеси алган. Үйгө келгенден кийин кыз үч жаштагы дагы бир бөбөгүн ээрчитип, үчөө сейилдөөгө чыгышкан. 

"Кичүү балам жай басса, берки уулум чуркап кетиптир да тигилер таппай калышыптыр. Мага бакчадан чалып, окуянын чоо-жайын түшүндүрүп берүүмүдү суранышты", — деди аял. 

Ал баланын абалы жакшы экенин, "аябай көп баскандыктан буттары ооруп калганын" кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0