21:31 16 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.0865
  • RUB1.0855
Кыргызстандын аскери. Архивдик сүрөт

Кыргыз жоокерлери Монголияда машыгып, ат марафонуна даярдык көрүүдө

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Коом
Кыскача шилтеме алуу
102 0 0

Монголиянын демилгеси менен өтө турган конкурс атчан аскерлер кавалериясынын жаңы сынагы болуп эсептелет.

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн өкүлдөрү 3-7-август күндөрү өтө турган "Аравт-2019" ат марафонуна катышуу үчүн Монголияда машыгуудан өтүп жатышат. Бул тууралуу Генералдык штаб билдирди.

Маалыматка ылайык, 21-июль күнү аталган өлкөгө Мамлекеттик чек ара кызматы менен кургактагы аскерлер жөнөп кетишкен. Учурда даярдык кызуу жүрүүдө.

"Конкурстун шарты боюнча сынакты өткөргөн тарап бардык катышуучуларды ат, ок атуучу куралдар менен камсыз кылат. Ал эми ат жабдууларын катыша турган тарап өзү менен кошо ала барышы керек. Мындан тышкары, Монголия аскерлердин даярдануусуна бардык шартты түзүп берүү милдетин алган. Марафонго даярдануу үчүн 14 күн каралып, бул аралыкта катышуучулар Монголиянын климатына жана жылкыларына көнүшү керек", — деп айтылат билдирүүдө.

"Аравт" монгол тилинен 10 деген санды туюндуруп, Чыңгыз хандын 10 баатырынын кошууну менен байланыштырылат. Монголиянын демилгеси менен өтө турган конкурс атчан аскерлер кавалериясынын жаңы сынагы болуп эсептелет.

"Даярдык эки этаптан турат. Биринчисинде жоокерлер гранатаны алыска ыргытуу, кошуундардын тоскоолдук тилкелерде бутага атуусу сыяктуу сыноодон өтүшөт. Экинчисинде суу тоскоолдуктарынан өтүп, жылкыны жаткыруу, аны ар түрдүү шартта башкаруу, тактикалык иш-аракеттер жана куралдарды ташуу боюнча таймашат", — деп айтылат маалыматта.

Марафонго даярдык көрүүнүн алкагында катышуучулар Монголиянын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик техникасы менен таанышып чыкканы айтылат.

Тема боюнча

Компьютердеги оюндай! Улуттук гвардиянын машыгуулары сүрөттө
Сооронбай Жээнбековдун алдында аскерлер айбатын көрсөтүштү. Сүрөттөр
Белгилер:
машыгуу, марафон, ат, сынак, Куралдуу күчтөр, Монголия

ЭҢ МААНИЛҮҮ