Чүй менен Бишкектин айрым жерлеринде газ жок болот

© Sputnik / Табылды КадырбековВключение газовой плиты с помощью спички
Включение газовой плиты с помощью спички - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки күндүн ичинде компания кызматкерлери калыбына келтирүү иштерин жүргүзөт.

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын айрым аймактарында эки күнгө газ жок болот. Бул тууралуу "Газпром"ишканасынан билдиришти.

Жол оңдоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чүйдө келе турган туристтер үчүн кандай иштер жасалган. Сүрөт
Билдирмеге ылайык, 31-июлда саат 8:00дөн 17:00гө чейин Кара-Балта шаарынын Топографическая, кооператив №1, 2, Пирогов, Ленин, Тоголок Молдо, Карл Маркс, Бородачев, Спортивная, Матросов, Морозов, Киров, Целинная, Токтогул, Федоров көчөлөрүндө көгүлтүр от жок болот.

30-31-июлда Төмөнкү Ала-Арча айылынын Коллективная көчөсү менен Колхозный өтмөгүндө да өчүрүлөт.

Ушул эле күнү, 31-июлда, саат 9:00дөн 17:00гө чейин Токмок шаарынын Промзона районунда да газ берүү убактылуу токтомокчу.

Аталган убакыт аралыгында компания кызматкерлери калыбына келтирүү иштерин жүргүзөт.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0