13:58 21 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8317
  • EUR77.1501
  • RUB1.0937
Сборная команда Кыргызстана получила гильзу синего цвета, это означает, что кыргызстанцы будут выступать на синих машинах на международном чемпионате Танковый биатлон

"Танк биатлону – 2019". Кыргызстандын курамасы күчтүү тайпага түштү

© Фото / пресс-служба Генштаба ВС КР
Коом
Кыскача шилтеме алуу
234 0 0

Иш-чаранын расмий ачылышы 3-августта өтөт. Мелдешке 25 өлкөнүн мыкты танк экипаждары катышат.

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Россиянын Коргоо министрлигинин "Алабино" аскердик полигонунда жетинчи эл аралык "Танк биатлону" чемпионатынын катышуучулары чучу кулак кармашты. Бул тууралуу Генералдык штабдын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Кыргызстандын курамасы көк түстүү гильзаны алып, Россия, Армения жана Иран командалары менен бир тайпага түштү.

  • Команда Вооруженных сил (ВС) Кыргызстана попала в группу с сильными соперниками на международном чемпионате Танковый биатлон
    Россиянын Коргоо министрлигинин "Алабино" аскердик полигонунда жетинчи эл аралык "Танк биатлону" чемпионатынын катышуучулары чучу кулак кармашты.
    © Фото / пресс-служба Генштаба ВС КР
  • Сборная команда Кыргызстана получила гильзу синего цвета, это означает, что кыргызстанцы будут выступать на синих машинах на международном чемпионате Танковый биатлон
    Ага ылайык, Кыргызстандын курамасы көк түстүү гильзаны алып, Россия, Армения жана Иран командалары менен бир тайпага түштү.
    © Фото / пресс-служба Генштаба ВС КР
  • Команда Вооруженных сил (ВС) Кыргызстана на международном чемпионате Танковый биатлон
    "Танк биатлону" 17-августка чейин уланат. Кыргызстандын үч экипаждан турган командасы 29-июлдан тарта ѳздѳрүнѳ берилген техниканы сыноодон өткөрүүдө.
    © Фото / пресс-служба Генштаба ВС КР
1 / 3
© Фото / пресс-служба Генштаба ВС КР
Россиянын Коргоо министрлигинин "Алабино" аскердик полигонунда жетинчи эл аралык "Танк биатлону" чемпионатынын катышуучулары чучу кулак кармашты.

"Танк биатлону" 17-августка чейин уланат. Кыргызстандын үч экипаждан турган командасы 29-июлдан тарта ѳздѳрүнѳ берилген техниканы сыноодон өткөрүүдө. Ошондой эле жарыш ѳтүүчү 12 чакырым жолду карап чыгышты.

Иш-чаранын расмий ачылышы 3-августка белгиленген. Мелдешке 25 өлкөнүн мыкты танк экипаждары катышат. Танкисттер ок атуу менен коштолгон ылдам жүрүү эстафета түрүндѳгү жарыштарда күч сынашат. Кыргызстандын командасын полковник Виктор Косачев машыктырууда.

Бул жылы Кытайдын (Т-96В), Белоруссиянын (Т-72БМЭ) командалары мелдешке ѳздѳрүнүн танкалары менен катышууну каалаган. Калган командалар Россиянын Т-72БЗ танктары менен жарышка түшөт.

Тема боюнча

Кыргызстандын жоокерлери эл аралык аскер оюндарына катышат
Сооронбай Жээнбековдун алдында аскерлер айбатын көрсөтүштү. Сүрөттөр
Белгилер:
танк биатлону, биатлон, машыгуу, Аскер, танк, Кыргызстан, Россия

ЭҢ МААНИЛҮҮ