05:53 13 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.7815
  • RUB1.1048
Ишкерликтен мамкызматка өткөн Айкан Кожоева. Архивдик сүрөт

Министрликтин ишине таң калдым. Ишкерликтен мамкызматка өткөн Айкандын маеги

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
107610

24 жашар Айкан Кожоева жеке окуу борборун түптөгөн, кирешеси да жакшы болчу. Бирок мамлекеттик кызматта иштөө үчүн бизнесин жыйыштырган...

Айкан Кожоеванын койдун сүтүнөн быштак өндүрөрүн кулагым чалып калды. Бөтөнчө бизнес экен деп угарым менен ага телефон чалдым. "Цех ача алган жокмун", — деди дароо эле бишкектик бийкеч. Сылык коштошууга камынып калганымда: "Келиңиз, мен сизге башка бир нерсе тууралуу айтып берейин", —деп сунуштап калды. Айкандын айткандарын тыңдап отуруп, окурмандарга кызык болчу баян чыкты. 

Бишкекчанка, которая стажируется в Управлении регулирования предпринимательской деятельности Айкан Кожоева
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Айкан Кожоева 24 жашта. Бизнесин жыйыштырып, мамлекеттик кызматка өткөн.

— Алгач өзүңүздөн кеп салсак...

— Карапайым үй-бүлөдөн чыккам. Турмушубуз начар болчу дебейм, эл катары жашачубуз. Апам — бала бакчада педагог, атам — айдоочу. Абдан жакшы мектепте окудум, окуучулар арасында социалдык теңсиздик болорунан 7-класска келгенче кабарым жок эле. Ошол куракта гана классташтарым — бизнесмендердин кыздары жакшы кийинерин байкадым. Кысымга алындым дебейм, тек гана арткы партада отуруп алып, жеке ишимди ачууну кыялданар элем.

— Келечек кесибиңизди кандайча тандаган элеңиз?

— Эмне менен алектенсем деп көпкө толгондум, бизнеске кетсемби же чыгармачылык мага жакынбы деп ойлонуп жүрдүм. Акыры бизнеске ыктадым, анткени аздыр-көптүр акча табууга болот. Каржы жаатында көйгөйүң болбосо, чыгармачылык менен алектенүү алда канча жеңил эмеспи, туурабы?

Кыргыз-түрк "Манас" университетине тапшырдым. Башта жеңил болгон жок, үй-бүлөмдө баары орусча сүйлөйт, ал эми аталган окуу жайда сабактар кыргыз тилинде өтүлөт. Окутуучу эмне деп жатканын да түшүнчү эмесмин! Сабакка сөздүк менен келип, кечкисин лекциялардын баарын орусчага которуп жүрүп окудум. 

Бишкекчанка Айкан Кожоева, выпускница Кыргызско-Турецкого университета Манас
© Фото / Нурзада Уланбек
Айкан Кожоева: окуучулар арасында социалдык теңсиздик болорунан 7-класска келгенче кабарым жок эле. Ошол куракта гана классташтарым — бизнесмендердин кыздары жакшы кийинерин байкадым.

— Бизнеске кантип кириштиңиз?

— Адегенде ишкерлер үчүн уюштурулган өтө кымбат курска катыштым, акысы 10 миң сомдон жогору эле. Катышуучулар ийгиликтүү ишкерлер болчу, алардын арасында мен, жөнөкөй студент кыз. Албетте, ал курстун акысын төлөөгө деле акчам жок болчу. Биринчи сабакта уялбай эле биринчи катарга отуруп алдым. Акысын экинчи сабакка алып келүүгө уруксат беришти, бирок акча таба алган жокмун... Албетте, үчүнчү жолу да акысын төлөбөй катышууга батына албадым. Ал тургай, телефонумду күрөөгө коюуга чейин бардым. Алгачкы эки сабактагы айтылгандарды өз кезегинде иш жүзүндө пайдалана калып, катышуу акысын гана тургай, андан сырткары да 150 доллар пайда таптым. Билим үчүн акча төлөш керек деген туура белем. Сабак сага канчалык кымбатка түшсө, андан пайданы да көбүрөөк алат көрүнөсүң.

— Кандай багыттагы бизнес эле?

— Бир топ жыл мурун 14 жашка толгонумда апам мага коңшу балдарга сабак өтүүнү сунуштаган. Тапкан акчама мага мектепке кийим-кече сатып беришкен. Анан университетке өткөнү кайра балдар менен иш алпара баштадым. Таңга маал Диана аттуу кызга барып, кыргызча үйрөнүүсүнө көмөктөшөм, андан тышкары, математика жана орус тилин үйрөтөм.

Андан чыгып университетке барам, сабактан кийин башка балдарды окутам. Үйгө укташ үчүн эле келем. Кардарларымдын саны арбый берди, ата-энелер да жыйынтыкка ыраазы эле. Себеби кошумча сабак өткөндөр көбүнесе балдардын үй тапшырмасын эле аткартып коюшат, окуучулар кайра эле "эки" алат.

Менин тажрыйбамда андай болгон жок. Балага эсеп чыгаруунун бир ыкмасын көрсөтүп берип, башка эки жолун өзү сунушташын күтөр элем. Сабагыбыз ошентип өтчү.

Бир нече жолку сабактан кийин ушундай мектеп ачсам эмнеге болбосун деген ой келди. Албетте, репетиторлор жакшы акча табышчу, күнүнө төрт саат сабак берип, айына бул иштен 20 миң сом алчумун. Бир балага эмес, дароо бир топко сабак берсең, кирешени эселенте аласың да! Алгач робот техникасы боюнча курстун ээлеринен кабинет ижарага алдым.

Башында акы төлөбөш үчүн эрте келип, бүт кеңсенин полун жууп чыкчумун. Ошентип окуу борборум түптөлгөн. Аны "I can" деп атагам, ысымыма да уйкаш: Айкан — I can. 

Бишкекчанка, которая стажируется в Управлении регулирования предпринимательской деятельности Айкан Кожоева
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Айкан Кожоева: Мага саясат дайым кызык болчу, ал жакка мамлекеттик кызмат аркылуу гана бара аласың да. Ошондой максат менен Экономика министрлигине келдим, эми Ишкердик ишин жөнгө салуу башкармалыгында такшалып жатам.

— Бул кирешелүү ишпи?

— Биринчи айда эле пайда таптым. Балдар — эч убакта түгөнбөгөн ресурс. Азыркы ата-энелер балдарына сапаттуу билим берүүгө тырышат, себеби  XXI кылымда мыкты орундар билимдүү адамдарга гана тиет.

— Окуу борборун эмнеге жаптыңыз?

— Мага саясат дайым кызык болчу, ал жакка мамлекеттик кызмат аркылуу гана бара аласың да. Ошондой максат менен Экономика министрлигине келдим, эми Ишкердик ишин жөнгө салуу башкармалыгында такшалып жатам.

Ишке жаңы киргенимде мени таң калтырган жагдайлар арбын болду. Иш маалында "Дота" ойноп же сериал көрүп отурган киши көрбөдүм. Иш күнү саат алтыда аяктаганы менен баары кечки сегизде кетишет, анүчүн эч кимисине да кошумча төлөнбөйт! Кызматкерлер тыныгуу убагында дем алыштагы балык уулаганын эмес, жаңы мыйзамдарды талкуулашат.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Aikan 🐝 (@aikan_kozhoeva)

— Мага дайым аялдардын мамлекеттик кызматка барышы татаал сезилчү.

— Биздин министр эркек киши, орун басарларынын баары мырзалар. Башкармалыктардын жетекчилеринен тарта аялдарды көрөсүз. Бирок баарын оңдоого болот. Кыска убакытка болсо да Роза Исаковна өлкөнү жетектеп турду. Балким, менин да колумдан келер.

— Жакшы тааныштарсыз саясатка сизди жолотот деп ойлойсузбу? Анткени азыркы саясатчылардын өз балдары да бар...

— Ооба, бирок алардын басымдуу бөлүгү Кыргызстанда эмес, чет өлкөдө турушат. Саясий элита акчасын да сыртта сарптоону ылайык көргөнүнө караганда, өз өлкөсүнүн келечегине ишенбейт өңдүү.

Ушул тапта ар бир экинчи кыргызстандык жер которуу боюнча ойлонот. Ал эми менин эч жакка кетким келбейт, мага убагында Түркияда, Америкада калып иштөөнү сунушташкан.

— Өлкөдөн кеткиси келгендерди түшүнөм, бул жакта иш табыш кыйын.

— Ооба, бир жолу шектүү ишканага туш болгом. Колбаса жасаган фирманын кулактандыруусун капыстан көрүп калдым, олуттуудай эле сезилген. Көрсө, алар ишкананын аталышындагы бир тамганы алмаштырып алып, иш издегендерден акча алууга амалкөйлөнүшөт экен.

Кара ниетин туюп калып, кеңсесине барып алып ызы-чуу салдым. Алданган башка адамдар менен бирге баарын телефонго тартып алдык. Ишкананын кызматкерлери телефонду алууга аракет кылышты, ал колумдан түшүп кетип, талкаланып калган.

Бул туурасында Facebook баракчама жазгам. Көрсө, ошол компания көптөн бери ушинтип акча табууга кынык алыптыр. 

Бишкекчанка, которая стажируется в Управлении регулирования предпринимательской деятельности Айкан Кожоева
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Айкан Кожоева: Кыргызстан эч качан Япония, Франция же Кытай боло албасын билем. Биз өз жолубузду табууга тийишпиз. Качандыр бир сыртка таптаза тоо абасын сата турган заман келер. Экологиялык туризм өлкөсүнө айланарбыз, сырттан туристтер агылып, телефондорун өчүрүп коюп, табият койнунда жаратылышка суктана койдун сүтүн ичип эс алышар.

— Угушумча, кой сүтүнөн быштак жасачу экенсиз.

— Түркиялык бир курсташым: "Эмнеге койдун сүтүнөн быштак жасабайсыңар?" - деп сурап калды. Адегенде түркчө түшүнбөй калдымбы деп кайра тактадым. Чындап эле кой сүтүнөн быштак абдан пайдалуу азык экен да.

Койдун сүтүнүн жыты быштак даярдоодо жоголуп кетет экен. Андан тышкары, андай азыкты сүткө аллергиясы барлар да жей алышат.

Албетте, даярдалышы өтө татаал, себеби кой күнүнө бир литрден гана сүт берет, ал эми быштак даярдоого мол сүт керек. Анча койду кайдан табам?! Ошол курсташым менен цех ачууну чечкен элек, бирок кийин ал баш тартып койду.

Ага карабай Нарынга жөнөдүм, эчки саап, атүгүл "Кыргызстанга инвестиция салам" долбоорунан жеңилдетилген насыя да утуп алдым. Адамдар жөнгө салынган бизнеске деле эмес, демилгеге да салым салууга даяр экен! Болгону мен ал 600 миң сомду алууга даай албадым. Үчүнчү курстун студенти андан кантип кутулмак эле?! Менимче, андай бизнес тажрыйбаны талап кылат.

— Сиздин оюңузча он жылдан кийин Кыргызстан кандай абалда болот?

— Тунгуч президент Акаев Кыргызстанды экинчи Швейцарияга айландыргысы келгени эсиңиздердеби? Ал ойго келгенде биздин ректордун сөзү эске түшөт: "Биздин университет эч качан "Оксфорд" же "Гарвард" болбойт. Бирок "Манасты" дүйнөлүк окуу жайлардын катарына чыгаруу биздин колдо!".

Кыргызстан эч качан Япония, Франция же Кытай боло албасын билем. Биз өз жолубузду табууга тийишпиз. Биз не деген гана байлыкка эгедербиз! Качандыр бир сыртка таптаза тоо абасын сата турган заман келер. Экологиялык туризм өлкөсүнө айланарбыз, сырттан туристтер агылып, телефондорун өчүрүп коюп, табият койнунда жаратылышка суктана койдун сүтүн ичип эс алышар.

Биздин жарандардын өзгөчө сапаты бар — ар бир үчүнчү киши жеке ишин ачууну самайт. "Движение" кылыш керек!  Мосвага бет алган врачтар эсиңиздердеби? Караңыз, азыр Россиянын борборунда биздин медициналык борборлор жайнайт! Колубуздагы алтындын баркын билели!

Жаркынай Деркембаеванын да баянына көз жүгүртүңүз, окурман. Кымча бел, суйкайган сулуу өрүк терип бизнес түптөгөн!..

Тема боюнча

Кубанов: билим берүү боюнча алты гана мамлекет менен келишимибиз бар
25 жашында стоматология борборун ачкан Эрбол: түнкү үчкө чейин иштөө адатка айланды
Белгилер:
мектеп, окуу, ишкер, Сүт, кой, Кыргызстан, министрлик

ЭҢ МААНИЛҮҮ