ӨКМ мээ кайнаткан ысык канчага чейин уланарын айтты

Жазылуу
Министрлик бир катар чараларды сунуштады.

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Абанын ченемден тыш ысык температурасы 3-августка чейин сакталат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматта 1-3-август күндөрү абанын күндүзгү температурасы Чүй өрөөнүндө 37-39 градуска чейин жогорулашы, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө 30-июлдан 3-августка чейин 39-41 градуска чейин көтөрүлүшү күтүлүп жатканы айтылат.

"Мындай кургак жана ченемден тыш ысыктын учурунда организмди күйгүзүп алуудан жана ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерлерде көпкө жүрбөө, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат", — деп айтылат билдирүүдө.

Министрлик адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында атайын телефонограммалар өкмөттүн облустардагы өкүлчүлүктөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрияларына жөнөтүлгөнүн кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0