Куда түшсөкпү... Ханзаада менен ханбийкелердин арасындагы бойдоктор

© AFP / FRANCOIS GUILLOTПринц Дании Николай
Принц Дании Николай - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Падышалык үй-бүлөлөр карапайым бүлөдөн кыз алып, уул үйлөшү мүмкүн экенине соңку жылдары мисалдар арбып барат. Сиз баш кошуп калчу ханзаада, колун сурап калчу ханбийкелер тууралуу бул түрмөктөн окуңуздар.

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik, Анна Нехаева. Өткөн ишембиде Монаконун Кафедралык чиркөөсүндө дагы бир ханзаада бойдокчулугу менен коштошту. Грейс Келлинин небереси, ханбийке Стефаниянын уулу Луи Дюкре сүйлөшкөн кызы Мари Шевальеге баш кошту.

Бирок ханбийке, ханзаадалар менен турмуш курууну көксөгөндөр көңүлүн чөгөрбөй коё турсун. Себеби, падышалык мураскерлер Улуу Британия жана Монакодогулар менен эле чектелип калбайт, ал эми аларга бүлө болгон Меган Маркл, Шарлен Уиттсток же Даниэль Вестлингдин өрнөгү көп кыялкечтерди үмүттөндүрөт. РИА Новости падышалык бойдок урпактар туурасында жана аларды кайдан кезиктирүүгө болорун жазып чыкты.

Хуссейн бин аль-Абдалла, Иордания ханзаадасы (25 жашта)

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Al Hussein bin Abdullah II (@alhusseinjo)

Жыйырма беш жаштагы Хуссейн — кадырлуу саналган Жоржтаун университетин жана Сандхерст академиясын (Улуу Британия) аяктаган. Ал Иорданияда гана эмес, дүйнөдө да кеңири белгилүү. Instagram баракчасынан анын изине эки миллион киши көз салат, аккаунтун барактаган кыздардын саны күн сайын өсүп келет. Блогу коом каймактары уюштурган кечелер жана саякатта тартылган сүрөттөргө толо. Ханзаада мотоцикл, футбол жана гитарада ойноого кызыгат. Булар дагы анын сүрөт түрмөгүндө чагылдырылат. 

© AFP / Khalil MazraawiХуссейн атасы, король Абдалла IIни расмий сапарларында коштоп жүрөт
Куда түшсөкпү... Ханзаада менен ханбийкелердин арасындагы бойдоктор - Sputnik Кыргызстан
Хуссейн атасы, король Абдалла IIни расмий сапарларында коштоп жүрөт

Хуссейн булардан сырткары кайрымдуулук кылат, атасы, король Абдалла IIни расмий сапарларында коштоп жүрөт. 

Ханзаадага кезигүүнү кааласаңыз, дүйнөнүн булуң-бурчундагы расмий иш-чаралар жана кечелерге да катышууга тырышыңыз. Хуссейн аларга Иорданиянын өкүлү катары барат. Мындан тышкары, өз өлкөсүнүн аймагында да көп саякаттайт, Европага байма-бай каттайт. Маселен, карындашынан кабар алуу үчүн Сандхерстке (бир тууганы Улуу Британиянын ушул шаарында окуйт) барып турат.

Николай, Дания ханзаадасы (19 жашта)

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от H.H Prince Nikolai of Denmark (@prins.nikolai)

Даниянын ханышасы Маргрете Iдин небереси эбак белгилүү модель болуп калган. 2018-жылы Лондон мода жумалыгында алгач ирет бул багытта өз дараметин сынаган. Азыр да подиумдагы ишин ийгиликтүү улантып, дүйнөнүн ар бурчундагы нечен кыздардын жүрөгүнө чок салып келет.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от H.H Prince Nikolai of Denmark (@prins.nikolai)

Николай — даниялык тактыга мураскерлердин тизмесинде жетинчи сапта. Европалык мода көргөзмө жана кечелерине көп барчу кыздардын ага жолугуу мүмкүнчүлүгү жогору. Ханзаада Копенгаген бизнес мектебинде окууга белсенгенин жакында эле жар салды. Бул окуу жайга тапшырууга аракет кылып көрүңүз, ханзаада менен таанышып калышыңыз ажеп эмес.

Себастьян, Люксембург ханзаадасы (27 жашта)

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Luxembourg Royalty. (@luxembourg_royals)

Люксембургду учурда бийлеп турган герцог Анринин уулу тактыга мураскерлердин тизмегинде алтынчы болуп турат. Искусствого кызыгат, альпинизм менен алектенет, ал эми АКШдагы университеттердин биринде окуп жүргөндө регбиге (футболдун бир түрү) да кызыгуусу ойгонгон. 

© AFP / Jean-Christophe VerhaegenЛюксембург ханзаадасы Себастьян эжеси Александрия менен
Куда түшсөкпү... Ханзаада менен ханбийкелердин арасындагы бойдоктор - Sputnik Кыргызстан
Люксембург ханзаадасы Себастьян эжеси Александрия менен

Ханзааданы тоо боорунан оңой кезиктиресиз, себеби, Себастьян — лыжа менен саякаттын жеткен ышкыбозу.

Бруней ханзаадасы Абдул Матин (27 жашта)

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Mateen (@tmski)

Дүйнөдөгү суктандырган жигиттердин бири — Бруней ханзаадасы Абдул Матин. Анын атасы, бийликтеги монархтын байлыгы 20 миллиард долларга бааланат, ал эми Матиндин Instagram баракчасын миллиондон ашык киши окуйт. Ханзаада бокс, поло жана аскердик ишке кызыгат. Лондон искусство университетинен магистрдик даражаны алып чыккан, ошондой эле Сандхерсттин аскер академиясын аяктаган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Mateen (@tmski)

Абдулдун айтымында, анын кыялындагы кыз табиятынан татына жана карапайым болушу кажет. Өзүн ушундаймын деп эсептеген кыздар брунейлик ханзааданы машыгуу залдарында, "Манчестер Юнайтед" мелдештеринде, поло боюнча турнирлерде же өлкөсүнүн өкүлү катары катышкан ар кыл эл аралык уюмдардын жыйындарынан жолуктурушу мүмкүн.

Греция менен Даниянын ханзаадасы Константин-Алексиос (20 жашта)

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Constantine Alexios (@alexiosgreece)

Константин-Алексиос — грек ханзаадасы Павел жана Грециянын кронханбийкеси Мария-Шанталдын тун уулу. Британ ханышасы Виктория, орустун улуу княгинясы Ольга Константиновна, даниялык король Кристиан IX жана Фредерик IX — анын атасы жактан туугандары болуп кетет. Киндик энеси катары швед коронханбийкеси Виктория жана атасы болуп британдык ханзаада Уильям тандалган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Constantine Alexios (@alexiosgreece)

Константин-Алексиосту азыр ал билим алып жаткан Жоржтаун университетинен кезиктирип калышыңыз толук ыктымал. Тыныгуу маалында Instagram (100 миңден ашуун киши окуйт) баракчасын да улам толуктап, көз жоосун алчу сүрөттөрүнөн салып турат.

Амелия Виндзор бийкеч, Улуу Британия (23 жашта)

© AP Photo / Joel C Ryan / InvisionАмелия Виндзор бийкеч, Улуу Британия
Куда түшсөкпү... Ханзаада менен ханбийкелердин арасындагы бойдоктор - Sputnik Кыргызстан
Амелия Виндзор бийкеч, Улуу Британия

Сент-Эндрюстун графы Жорж менен графинясы Сильвана Виндзордун кенже кызы, Елизавета IIнин небереси британ тактысына мураскерлеринин тизмесинин 39-сабында. Антсе да королдук үй-бүлөнүн эң ажарлуу өкүлү деп эсептешет. Амелия Эдинбург университетин бүтүргөн, моделдик ишмердик менен алектенет, журналистикага кызыгат, дайым коомчулуктун көзүндө.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Mel 🍯 (@amelwindsor)

Бул бийкечти Лондон клубдарынан же Британиянын кайсы бир кооз бурчунан көрүп калышыңыз ыктымал. Амелия өлкө ичинде көп саякаттайт, Instagram баракчасына көп сүрөттөрүн коет. Ханбийкенин баракчасына 80 миңден ашуун киши көз салат.

Сириваннавари Нариратана, Таиланд ханбийкеси (32 жаш)

© AFP / JEWEL SAMADТаиланд ханбийкеси Сириваннавари Нариратана
Куда түшсөкпү... Ханзаада менен ханбийкелердин арасындагы бойдоктор - Sputnik Кыргызстан
Таиланд ханбийкеси Сириваннавари Нариратана

Таиланд королу Рама Хнун карачечекей кызы ар тараптуу инсан, спортчу, мода кубалаган жан. Таиланддын курама командасынын курамында ал Түштүк-Чыгыш Азия оюндарындагы бадминтон боюнча мелдеште алтын медалга татыган. Ошондой эле ханбийке велосипед, ат минүүгө да кызыгат. Мындан сырткары, ал Бангкок университетинин мода жана текстиль адистиги боюнча бакалавр даражасына ээ болгон, андан кийин да Франция менен Италиянын мода үйлөрүндө окуп, такшалган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от 💛HRH PRINCESS SIRIVANNAVARI💛 (@welove_sirivannavari)

Сириваннавари кийим дизайнери катары да таанымал, атүгүл 2008-жылы Москвада өткөн Russian Fashion Week мода жумалыгында өз коллекциясын алып чыккан.

Ханбийкени ушундай мода иш-чараларынан көрө аласыз. Кесибин өркүндөтүп, Европадагы көргөзмөлөргө көп барат. Анын мода үйүнүн Instagram аккаунтун 200 миңден ашуун киши барактап турат.

Люксембургдук Александра (28 жашта)

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Luxembourg Royals (@luxembourgroyals)

Ханбийкенин толук аты — Александра Жозефина Тереза Шарлотта Мария Вильгемина. Ал Люксембург герцогу Анринин төрт чүрпөсүнүн бири, жападан жалгыз кызы (андыктан, тактыга мураскерлердин төртүнчүсү). Даражасына жараша, макамына төп келген ханбийке беш тилде эркин сүйлөйт, атка минүү, теннис, суу лыжасы менен машыгып, андан сырткары, кайрымдуулукту да көңүлдөн тыш калтырбайт. Анан калса ал жаныбарларды коргоо лигасынын жетекчиси, качкындарга көмөк көрсөтүү борборунун ыктыярчысы. Александра Европанын элиталык теннис аянтчаларында маңдайыңыздан чыга калса, апкаарый түшпөңүз. Шашылыңыз, болбосо, сизден озуп бирөө жарым анын жүрөгүн ээлеп койбосун.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Luxembourg Royals (@luxembourgroyals)

Сиханизо Дламини, Свазиленд ханбийкеси (31 жашта)

© AFP / GIANLUIGI GUERCIAСвазиленд ханбийкеси Сиханизо Дламини
Куда түшсөкпү... Ханзаада менен ханбийкелердин арасындагы бойдоктор - Sputnik Кыргызстан
Свазиленд ханбийкеси Сиханизо Дламини

Свазиленд королунун тун кызы (30 бир туугандын эң улуусу) Сиханизо Улуу Британиядагы колледжди аяктаган. АКШда актёрлук чеберчиликти өздөштүргөн. Австралиядан санарип коммуникация тармагы боюнча магистрдик даражасын алып чыккан. Ханбийке эрежелерге баш ийе бербеген, жинсы, кыска юбка кийгенден жазганбаган адам. Алтургай, чет өлкөдө окуп жүргөнүндө Свазиленддеги көп аял алуу адатын сынга алган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Inkhosatana (@hrhprincesssikhanyiso)

Сиханизо өлкөсүндөгү саламаттыкты сактоо, билим берүү жана агартуу тармактарына көз салат. Ал эми былтыртан тарта маалымат технологиялар жана байланыш министринин орун басарлыгын ээлейт. Ханбийке актёрлук чеберчилик жана Pashu каймана ысымы менен рэп, поп ыр жазып черин жазат.

Ханбийкеге жолугуудан айбыкпаган жигиттер ал катышкан расмий иш-чараларга, Сиханизо улам жаңы ырларын жаздырган студияларга түптүз бет алганы оң.

Брабант герцогинясы, бельгиялык Елизавета (17 жашта)

© AFP / FREDERIC SIERAKOWSKI / BelgaБрабант герцогинясы, бельгиялык Елизавета
Куда түшсөкпү... Ханзаада менен ханбийкелердин арасындагы бойдоктор - Sputnik Кыргызстан
Брабант герцогинясы, бельгиялык Елизавета

Биздин тизмектин эң акыркы сабында — тактыга биринчи талапкер, Бельгиянын мураскер ханбийкеси, король Филипптин тун кызы — Елизавета.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Élisabeth Thérèse Marie Hélène (@duchessofbrabant)

Өзүнөн кийин эки иниси турганы менен ал алгачкы болуп бельгиялык ханыша таажысын киет. Тай журту жагынан 17 жашар ханбийке польшалык аристократтар, Литванын Ягеллондор королдук династиясы, россиялык бир катар дворяндар менен туугандык жайы бар.

Ушул тапта Елизавета Уэльсте билим алат. Кайрымдуулук кылат, ата-энеси менен бирге муктаж болгондордон жардамын эч аябайт. Эгер сиз дагы аларга көмөктөшүүнү кааласаңыз, Александраны жолуктуруп каларсыз. Балким, ал окуган колледжге тапшыруу аракетинен да майнап чыгар...

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0