Айып пул жакшы чогулса тез жардам унаасын алууга акча бөлүнөт

© Sputnik / Александр Кондратюк / Медиабанкка өтүүМашины скорой помощи в Челябинской области
Машины скорой помощи в Челябинской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азыр атайын автоунаа алууга 35 миллион сом бөлүнүүдө.

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Өкмөт жакын арада Тез жардам кызматына унаа сатып алуу жана анын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу үчүн 35 миллион сомдон ашуун каражат бөлүүнү пландаштырууда. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, жаңы автоунаалар "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында түшкөн айып пулдардын эсебинен алынат.

Глава ГКИТС КР Дастан Догоев  - Sputnik Кыргызстан
Радио
Догоев: "Коопсуз шаар" системасында маалыматты өчүрүп коюу мүмкүн эмес
Бүгүнкү күнү жол кыймылынын эрежелерин бузуудан 175 миллион сом жыйналган. Анын 35 миллион сому тез жардам унааларын сатып алууга бөлүнөт.

Эгер жыл аягына чейин жол эрежелерин бузгандардан айып пулду чогултуу ушул ыргак менен кетсе, анда тез жардам унааларын сатып алууга дагы 70 миллион сомдон ашык каражат бөлүнөт.

Өлкөдө тез жардам унааларына болгон муктаждык тынбай айтылып келет. Өткөн жылдын аягында саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргызстанга дагы 150 тез жардам машинасы керектигин айткан. Анын билдиришинче, бардык жабдуусу бар жаңы унаанын баасы 100 миң доллардын тегерегинде.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0