Жетекчи жана 512 кызматкер керек. Милиция дагы сынак жарыялады

© Фото / пресс-служба МВД КРКайгуул милиция кызматкерлери. Архив
Кайгуул милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Конкурска катышуу үчүн документтер 24-августка чейин ИИМге караштуу ЖКККББнын кадрлар бөлүмүндө кабыл алынат.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы жаңы түзүлчү Кайгуул кызматы башкармалыгына жарыяланган биринчи сынактын жыйынтыгы боюнча дагы 513 киши жетпей калды. Бул тууралуу ИИМдин Жол коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.

Милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Милицияда иштегиңиз келеби? Чүй облусундагы вакансиялар
Ведомстводон Кайгуул кызматынын башкармалыгына жетекчи, орун басар жана улуу, орто, кенже бөлүктөгү башчылыктарга кызматкерлер керек экендигин белгилешти. Кененирээк маалыматты ЖКККББнын сайтынан алууга болот.

Конкурска катышуу үчүн документтер 24-августка чейин ИИМге караштуу ЖКККББнын кадрлар бөлүмүндө кабыл алынат. Дареги: Бишкек, Валиханов көчөсү, 1а. Маалымат алуу үчүн телефон номерлер: (0312) 63-09-01 жана (0312) 63-02-53.

Эске сала кетсек, Бишкек ЖКККББнын башчысы менен орун басары жаңы түзүлгөн Кайгуул кызматынын башкармалыгына сынак тапшырып өтпөй калган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0