13:16 19 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8460
  • EUR77.1205
  • RUB1.0841
Программист Алтынай Нуркамилова

Жаңыдан аралашкандар да 300 доллар алышат. КРдеги маянасы жогору кесиптин сыры

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Асель Минбаева
2511 0 0

IT-адистер бир топ жылдан бери маянасы жакшы кесиптердин сап башында. 31 жаштагы бишкектик Алтынай Нуркамилова бул иштин белгисиз тараптарын айтып берди.

Алтынай Нуркамилова аталган адистик кеңири белгилүү боло элек кезде эле программист болууну чечкен. Азыр деле бул кесипте адистер тартыш, иш ээлери жөндөмдүү программисттердин изине түшөт. Бирок каалаган киши эле IT-адиси боло албайт.

— Ачыгын айтыңызчы, эмнеликтен ушул кесипти тандап алдыңыз эле? Же келечекте программисттер көп табарын баамдадыңызбы?

— Жок, бул адистикке тапшырганда андан кабарым да жок болчу. Болгону менин атам — инженер-электрончу, бала кезимден компьютерди чукулап өстүм. Анан да мектепте математика, физика өңдүү так илимдерди сүйүп окудум. Бул кесипке математикага жөндөмүңдүн кереги тиет.

— Программист болуу үчүн сөзсүз жогорку окуу жайда билим алуу зарылбы? Же YouTube каналындагы үйрөтүүчү тасмалардан жана кыска курстарга катышуу эле жетиштүүбү?

— Ал ким болууну каалаганыңызга жараша. Албетте, өз алдынча өздөштүрүп алгандар арбын. Адатта алар тар багыттагы адистер. Бир-эки жыл программалоонун тилин үйрөнөсүз, жашоого акча табууга жетет.

Бул адистиктеги бардык процессти толук түшүнгөн инженер болуу үчүн баары бир университетти аяктаганыңыз оң. Андай адамдар эркин иштеп, башкача айтканда, буюртма алып иштей алат.

Программист Алтынай Нуркамилова
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Алтынай Нуркамилова IT-адистиги кеңири белгилүү боло элек кезде эле программист болууну чечкен.

— Кесипти өздөштүрүү кыйынга турдубу?

— Айтпаңыз! Университетте сабак калтырбай, аябай тырышып окудум, бирок бул ишти өздөштүрүүгө мээнеткеч болгонуң аздык кылат. Көп адистиктерде маалыматтарды окуп, кайра айтып берип коюу эле жетиштүү го. Ал эми мында дайым эсеп чыгарасың, алгоритмдерди билүү шарт.

Жагымсыз бир тарабы бар, окуу жайга туугандары кулактын кужурун алып жатып тапшырткан бала келет. Болушунча аракет кылып окуйт, бирок маңызын түшүнө албайт. Дал ушундан улам студенттердин көбү 2-3 курста окууну таштап кетишет.

Бул адистикке эч ким тааныш-билиш менен келбейт. Программисттердин арасында кимдин тууганы экениңдин мааниси жок. Эмне иш аткара билгениң гана бааланат.

— Бишкектик программисттердин айлыгы боюнча эмне айтасыз?

— Тажрыйбасыз адистер да үч жүз доллар же андан ашык маяна алышат. Катардагы кызматкерлердин айлыгы 500 доллардан өйдө.

Бирок чынында программист эсеп жеткис акча тапса болот. Бишкекте отуруп алып, дүйнөдөгү каалаган ишкана менен кызматташа алат! Маселен, АКШда адис жылына орто эсеп менен колуна 100 миң доллар алат, айына 8-9 миң доллардан айланат. Америкалык компаниялардын буюртмаларын аткарган биздин программисттер да ошончо табышат.

Меники долбоорго жараша. Мисалы, бир ишке беш миң доллар алгам, бирок ар бир айда эле андай чыга бербейт. Акысы иштин оордугунан улам ушундай көп болот, себеби, акыл эмгегин, кайра-кайра тыкыр иштеп чыгууну талап кылат.

— Адистик аялдарга анчалык ылайыксыз деп эсептелет...

— Ооба, атургай апам да оор кесип, кыздарга анча жарашпайт деген. Чындыгында анын айтканында да калет жок. Программист керээли кечке компьютерде отурат, элге аралашууга убактысы да жок.

Бирок башка тарабынан алганда, энелер жана жубайлар үчүн эң ыңгайлуу иш, себеби үйдө отуруп эле иштей бересиң. Балам менен декретте отурганымда деле эркин иштегем.

Программист Алтынай Нуркамилова
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
"IT-адистиги эч ким тааныш-билиш менен келбейт", — дейт Алтынай Нуркамилова.

— Эркин иштөө көп кишинин бүйүрүн кызытат, үйдө өз ыргагыңда иштейсиң, көзөмөлдөгөн жан жок...

— Көзөмөлдүн жоктугу ишти аксатат. Өз ишиңди уюштура билүү жеңил эмес. Анан калса, долбоорду өзүң таап, команданы да өзүң топтоого туура келет.

Кардарларды табыш да кыйын. Азыр мени кардарларымдын сунушу менен бири-биринен эле угуп таап алышат. Бирок жаңы аралашкандарды эч ким тааныбайт, дайым тендерлерди байкап, эркин иштегендер үчүн сайттарды издешет.

Мында тобокелдиктер да жок эмес, компанияда иштесең, айдын аягында кепилденген маянаң колуңа тиет. Эркин эмгектенгендер болсо дайым эле ниети түз буюртмачыларга туш боло бербейт, кээде мээнетиң текке кетет.

— Бул кесипке азыркы мектеп окуучуларынын да багыт алганы туурабы? Бир нече жыл коротуп окуп, анан өлкөдө программисттер жайнап кетсе, алар ишсиз калышпайбы?

— Программисттер үчүн атаандаштык дээрлик жокко эсе, тескерисинче, дүйнөдө мындай адистер тартыш. Жакынкы жылдары бул тармак өнүккөндөн өнүгө берет. Айтыңызчы өзүңүз деле, смартфон көтөрбөгөн киши калдыбы азыр?

Ири ишканалар адистердин артынан түшөт, жогорку окуу жайларга кадрларды көбүрөөк даярдоо үчүн колдоо көрсөтүшөт.

— Чет элдик буюртмачылардын кыргызстандык программисттер аткарган ишке ичи чыгабы? Дегеле биздин балдар кандай бааланат?

— Менимче, ошондой эле. Бул чөйрөдө адистер өлкөгө карап тандалбайт. Алар портфолиоңо жана тесттик тапшырманы аткарганыңа гана карашат.

— Кандай долбоор көңүлүңүзгө толот?

— Technovation Challenge деген долбоор, аны Айнура Сагын менен бирге ишке ашырып келебиз. Бул долбоор үч жылдан бери иштейт, дүйнөнүн булуң-бурчунан 10-18 жашка чейинки кыздарды онлайн аянтчада окутуу программасы. Кыздар программалоонун негиздерин үйрөнүп, мобилдик тиркеменин прототиптерин жасашат.

Бул программаны жыл сайын өткөрөбүз, сентябрдан тарта катышуучулар тандалып, январда үч айлык окуу башталат. Алардын ишин калыстар тобу баалайт, мыкты 12 тайпа Калифорнияга жөнөтүлөт. Жыйынтыгында үч жеңүүчүгө каржылык колдоо көрсөтүлөт.

Программист Алтынай Нуркамилова
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
"Программисттер үчүн атаандаштык дээрлик жокко эсе, тескерисинче, дүйнөдө мындай адистер тартыш", — дейт Алтынай Нуркамилова.

— Көптөгөн компаниялар сайт жасатуу үчүн программисттерге кайрылышат. Бирок акысын укканда чалкасынан кетип, эмнеге анчалык кымбат деп таң калышат.

— Эгер жөн эле таанытуу сайты керек болсо, анда бирөөнү жалдоонун деле кажети жок. Даяр конструкторлор бар, алардын жардамы менен каалаган киши жөнөкөй сайт жасай алат.

Бирок өзгөчөлөнгөн, акыркы үлгүдөгү сайт керек болсо, анда программисттерсиз иш жүрбөйт. Чындыгында сайт жасоо тегин иш эмес, кээде сайт иштеп чыгуу үчүн бүтүндөй бир команда абзел.

— Программисттердин көбү Кыргызстандан кетип жатканына эмне себеп деп ойлойсуз?

— Интернет аркылуу эле иштөөгө мүмкүн болбогон долбоорлор да арбын, кайсы бир чогулуштарга сөзсүз катышууга туура келет.

Андан сырткары, жаштар дайыма жаңы нерсени издейт. Баары жакшы ишканага орношуп, акча тапкысы келет. Өлкөбүздө деле күч жумшай турган тармактар аз эмес. Мамлекетибизди биздин ордубузга башкалар келип бейишке айлантышын күтпөйлү.

Балдарга да туура тарбия берүү зарыл. Алар ааламга ачык эмеспи! Кандай багыттасак, алар ошол жолго түшөт. Менимче, жаңы мүмкүнчүлүктөр дал ушинтип жаралат.

Тема боюнча

Тоок сатып байыган Алтынай. Кыргызстандык кыздын ийгилик сыры
Очогумдун бузулганы жаш кыздарга сабак болсун! Ишкер айым менен маек
Белгилер:
кесип, программист, ишкана, сайт, айлык-акы, жумуш

ЭҢ МААНИЛҮҮ