Чек арадан чоочун паспорт менен өтүп бара жаткан киши кармалды

Жазылуу
Чек ара көзөмөл өткөрүү жайынан ал киши паспортун көрсөткөндө сүрөтү башка адамдыкы болуп чыккан.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасында башка адамдын паспорту менен өтүүгө аракет кылган Кыргызстандын 27 жаштагы жараны кармалды. Бул туурасында Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

Чүй облусунда кыргыз-казак чек арасына жакын жерде аңчылык мылтыкты катып койгон жай табылды - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-казак чек арасынын жанынан катылган курал табылды. Сүрөт
Кечээ, 26-июлда, "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү жайынан кыргызстандыктын И. уулу П. аттуу 27 жаштагы жаран деген паспорту текшерилгенде, сүрөтү окшошпой калган.

Маалыматта бул окуядан кийин тиешелүү кагаздар толтурулуп, Казакстанга чыгып бара жаткан киши УКМКнын аймактык бөлүмүнө тапшырылганы айтылды. Тактай келгенде ал 27 жаштагы А. уулу Р. аттуу башка жаран болуп чыккан.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0