Мас милиционер кызматтык куралын жоготуп алганбы? Чүй облустук милициянын жообу

Жазылуу
Учурда Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам кызматкерине кызматтык териштирүү жүрүп жаткандыгы, анын жыйынтыгы менен тийиштүү чаралар көрүлөрү айтылды.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Айрым ЖМКлар 26-июлга караган түнү Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери ичип алып куралын жоготуп койгондугун, аны кийинчерээк Бишкектин тургуну таап алгандыгын жазышкан. Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы аталган маалымат туура эмес экендигин билдирди.

"26-июлда Ленин райондук бөлүмүнө Сокулук районунун ыкчам кызматкери Б.Б. рапорт менен кайрылган. Анда ал борбордон белгисиз адамдар унаасындагы сумкасын уурдап алганын, анын ичинде тапанча, кызматтык күбөлүгү жана акчасы болгондугун билдирген. Окуя 26-июль күнү түндө болсо, күндүз өтүп бара жаткан адам тапанчаны таап, милицияга алып келип берген", — деп айтылат маалыматта.

Фуражка сотрудника ГУОБДД МВД возле мусорных контейнеров - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте таштанды челектин жанынан милициянын баш кийими табылды. Видео
Ошондой эле Чүй облустук милициясы кызматкери мас болчу деген маалыматты төгүндөдү. Укук коргоо өкүлү Б.Б. Ички иликтөө кызматы менен медициналык текшерүүдөн өткөндүгү, анын мас болбогондугу тастыкталганы айтылат.

Учурда Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам кызматкерине кызматтык териштирүү жүрүп жаткандыгы, анын жыйынтыгы менен тийиштүү чаралар көрүлөрү белгилүү болду. Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Маалыматта калыс тергөө максатында материалдарды УКМКга берүү үчүн прокуратурага жөнөтүлгөнү айтылды. 

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0