Кыргызстанга жаш туристтерди кантип тартуу керек. Эксперттин пикири

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүДайверлер. Архив
Дайверлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда маданият менен тааныштыруудан тарта экстремалдык туризмге чейин өнүктүрсө болот.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Кыргызстанга жаштарды туризмдин кайсы тармагына тартуу керектигин Россия технологиялык университетинин жаштар саясаты жана эл аралык мамилелер боюнча институтунун директорунун орун басары Дмитрий Бункин санап берди. Ал Кыргызстан менен Россиянын жаш лидерлеринин Бишкекте өтүп жаткан форумуна катышууда.

Анын айтымында, Кыргызстандын туристтерди тартуу потенциалы абдан жогору.

"Кыргызстанда туризмдин классикалык түрүнөн тарта экстремалдык туризмге чейин өнүктүрсө болот. Жаштардын өзгөчөлүгү — алар бир жерде турбайт, андыктан эс алуунун түрү да алардын талабына жооп бериши керек. Суу спортуна байланышкан тармакты, мисалы, дайвингди өнүктүрсө болот. Андан сырткары, тоо туризми да көпчүлүктү өзүнө тартат", — деди Бункин.

Ал ошондой эле ири масштабдагы иш-чаралар Кыргызстан менен Россия жаштарынын байланышын чыңдай турганын белгиледи.

Профессиональный гид Уланбек Уметов  - Sputnik Кыргызстан
"Атамдын жабыла турган конок үйүн эки турист кыз сактап калган". Гиддер менен маек
"Мисалы, "Студенттик жаз" аттуу же спорттук мелдештерди өткөрсө жакшы жыйынтык бериши мүмкүн. Ошондо гана жаштар жаңы маданиятка сүңгүп кириши ыктымал", — деди эксперт.

Форум 25-27-июлда Бишкекте болуп, 30-июлга чейин Чолпон-Атада уланат. Аталган иш-чара Кыргызстандын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча агенттиги менен Россиянын Жаштар иши федералдык агенттиги тарабынан өткөрүлүүдө.

Форумдун катышуучуларына улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун үй-музейи көрсөтүлөт. Андан сырткары, Кырчын жайлоосу менен "Рух Ордо" маданий борборуна экскурсия уюштурулат.

Иш-чаранын соңунда Кыргызстан менен Россиянын жылдарын эки мамлекетте өткөрүү боюнча иш-аракеттердин планы иштелип чыгат.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0