"Атамдын жабыла турган конок үйүн эки турист кыз сактап калган". Гиддер менен маек

© Фото / предоставлено Уланбеком УметовымПрофессиональный гид Уланбек Уметов
Профессиональный гид Уланбек Уметов  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чет мамлекетке чыккан ар бир саякатчы гиддин кызматынан колдонот. Ал эми Кыргызстанга келген туристтерчи? Бул багытта мамлекеттеги абал кандай? 94 пайызын тоолор курчаган өлкөдө туристтер чет тилин билген гидге басым жасашабы же ат үстүндө шамал менен жарышкан чабандескеби?

Төмөндөгү макаладан мына ушул суроолорго жооп алып, дагы башка көптөгөн кызыктарга туш болосуз. Гид кызматын аркалап келе жаткан Салтанат Муратбек кызы, Уланбек Уметов жана Руслан Тажиев бул кесиптин сырларын Sputnik Кыргызстан агенттиги жана радиосунун окурмандары менен угармандарына ачып берди.

— Урматтуу коноктор, маегибиздин башында баарыңыздарга бир суроо менен кайрылгым келип турат. Эмнеге бул кесипти тандап алдыңыздар?

Салтанат Муратбек кызы: — Өзүм Кочкор районунда туулуп-чоңойдум. Биздин көчөдө туристтер жайгашкан үйлөр арбын эле. Туугандарымдын көбү чет мамлекеттерде жашагандыктан, англис тилин үйрөнүүгө кичинекейимден кызыктым. Айылга келген туристтер менен англисче баарлашып, тажрыйба топтоп жүрдүм. 

© Sputnik / Досхан НусупбековСалтанат Муратбек кызы: гид болуп алгач үч күндүк саякатка 14 жашымда чыккам
Атамдын жабыла турган конок үйүн эки турист кыз сактап калган. Гиддер менен маек - Sputnik Кыргызстан
Салтанат Муратбек кызы: гид болуп алгач үч күндүк саякатка 14 жашымда чыккам

Күндөрдүн биринде эки турист менен таанышып, гид болгум келерин айттым. Алардын жардамы менен туристтерди тейлеген компанияга барып, полун жууп, чайын ташып аралашканыма эле курсант болуп жүрдүм. Бир күнү англис тилин билген гид жумушка келбей калып, француз кызына Соң-Көлдү көрсөтүп келүүгө мени жөнөтүштү. Анда 14 жашта элем. Алгачкы саякатым болгондуктан, өтө эле оор баштык көтөрүп алыптырмын. Болушунча өзүмдү профессионал гиддердей алып жүрүүгө аракет кылып, жолду катар жерлердин тарыхын айтып берип, компания койгон эрежелерди сактаганым менен куржунумду кардарым кошо көтөрүшүп жүрдү.

Жыйынтыгында менин үч күндүк маянамды толук төлөп бергенден сырткары дарегиме жакшы пикирин калтырып кеткен ал кардарым али да эсимде. Толкунданганымдан анын байланыштарын деле сурап калбаптырмын.

Уланбек Уметов: — Мен өзүм Исхак Раззаков атындагы техникалык университетинен программисттин окуусун окудум. Англис тилин билгендиктен жай мезгилинде туристтерди тосуп алып, бул багытта иштеген досторум менен бирге саякатка чыкчумун. Мындан сырткары, каникулдан пайдаланып, бир мейманканада төрт жыл эмгектендим. Ошентип отуруп көптөгөн чет элдик досторум пайда болду. Айрымдарына жардам берсем, кээ бирлеринен акы алып жүрүп, аралашып кеттим. 

© Sputnik / Досхан НусупбековУланбек Уметов: туристтерге тикенектен даамдуу салат жасап берип таң калтыргам
Атамдын жабыла турган конок үйүн эки турист кыз сактап калган. Гиддер менен маек - Sputnik Кыргызстан
Уланбек Уметов: туристтерге тикенектен даамдуу салат жасап берип таң калтыргам

Дипломум боюнча башка кесиптин ээси болсом да жүрөгүм ушуну тандады. Иштеген ишиң рахат тартууласа, демек сен эс алууда гана жүрөсүң деп айтып коюшат го. Анын сыңары, гид болуунун кандай ой-кырлары болбосун, жаккан кесип болгондуктан түйшүгү билинбейт.

Руслан Тажиев: — Мен бул жумуштун кызыгына кийин баттым десем болот. Ата-энем конок үй ачып иштетип, туристтер менен коюн-колтук алышып эле чоңойгонум менен, тескерисинче, гид болуу же кандайдыр бир туризмге байланышкан кыялдарым жок эле. Бала кезимден мамлекеттик кызматкер болууну самап, орто мектепти аяктаган соң «салык жана салык салуу» адистиги боюнча окугам. Жогорку окуу жайды бүтүргөн соң түрдүү долбоорлор менен иштеп жүрүп, тил үйрөнүүгө кириштим. Ушинтип өз арбайымды согуп жүргөн күндөрдүн биринде атам 15-16 жылдан бери конок үзүлбөгөн мейманканасына туристтердин келбей калгандыгын айтып, мени шаардан айылга чакырды. Мойнум жар бербегени менен ата сөзүн жерге таштай албай бардым. 

© Sputnik / Досхан НусупбековРуслан Тажиев: үч күндөн 21 күнгө чейинки ат менен саякаттарды уюштурабыз
Атамдын жабыла турган конок үйүн эки турист кыз сактап калган. Гиддер менен маек - Sputnik Кыргызстан
Руслан Тажиев: үч күндөн 21 күнгө чейинки ат менен саякаттарды уюштурабыз

Бир күнү көчөдө баратсам, эки чет элдик саякатчы Соң-Көлгө ат менен кантип барса болорун сурап калышты. Ошол жерден эле кыздарга түшүндүрүп айтып бердим. Ал тургай чыгымдарынын наркын да санап койдум. Анткени ата-энемдин конок үйүнө байланыштуу түрдүү тренингдерге катышып, кайсы кызматтын баасы канча болуп, канча пайыз эмнеге кошуларын билчүмүн. Ал эле эмес, эки туристти өзүбүздүн конок үйгө жаткырып, айылдаштарымдын атын ижарага алып, айтор үч күндө өзүм 7000 сом иштеп таптым.

Соң-Көлгө болгон сапарыбыз абдан ийгиликтүү өттү. Кыздар да жылкы баласынан коркпогон, ат минип жүргөн туристтер экен. Мына ушул тур менин айыл жашоосуна, тоо туризмине, деги эле мекенге, жашоого болгон көз карашымды өзгөрттү.

Учурда бул үйбүлөлүк бизнести толук колго алып, Соң-Көлгө эки күндөн 21 күнгө чейинки ат менен чыккан турларды уюштуруп келем. Айылыбыздагы жаштар да туризмге массалык түрдө кызыгып, бири конок үйүн ачса, экинчиси жылкыларды таптап ижарага берип, кызуу эмгектенип жатышат. 

© Фото / предоставлено Уланбеком УметовымКыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан ат менен саякаттоого кызыккандар көп келет. Бизге келген саякатчылардын 70 пайызы биринчи жолу Кыргызстанга келип ат минишет.
Атамдын жабыла турган конок үйүн эки турист кыз сактап калган. Гиддер менен маек - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан ат менен саякаттоого кызыккандар көп келет. Бизге келген саякатчылардын 70 пайызы биринчи жолу Кыргызстанга келип ат минишет.

— Аталган кесип эгемендүү Кыргызстан үчүн жаңы болгондугуна карабай тездик менен өнүгүп келе жатат десек болот. Анткени гиддер да тармактарга бөлүнөт эмеспи. Бизде кайсы багыты алдыда?

Р.Т.: — Өлкөбүз тоолуу аймак болгондуктан, албетте, ат минип сейилдегиси келген туристтер көп келишет. Кайсы жаатта суроо-талап болсо, ошол тармак өнүгөт эмеспи, учурда бул багытта жакшы жылыштар бар. Турларды мыкты деңгээлде уюштуруп, аттардын дагы, туристтердин дагы коопсуздугун сактап, башкача айтканда, тумшуктууга чокутпай, канаттууга кактырбай тоолорго алып чыгып келген балдар бар. Бирок бул багытында деле баары жакшы деп айтсак туура болбой калат, анткени башкы көйгөй тил билүү маселесинен келип чыгат.

Кыргызстанга саякат: келген турист кайда, канчага жана кантип эс алса болот - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанга саякат: келген турист кайда, канчага жана кантип эс алса болот
Мисалы, айылда жылкы баласынын кулк-мүнөзүн, жергиликтүү аймакты мыкты өздөштүргөн улан-кыздар бар, тилекке каршы, чет тилдерин билишпейт. Ал эми шаардан чет тилинде суудай сүйлөгөн гиддер келет, алар атка өздөрү  мине албайт. Мына ушундай ажырым кендирди кесүүдө. Мен өзүм да ат менен турларга чыккан гид катары, алдыдагы беш жылдыкта бул багытта бир топ чоң өзгөрүүлөр болот деп ишенем. Айыл жаштары атайын курстардан өтүп, чет тилдерин үйрөнүп аракет жасашууда.

У.У.: — Учурда ат минип чыкчу турга суроо-талап да көп, бул тармактагы гиддер да арбын. Ошондой эле жөө тур сүйүүчүлөрү бар. Маданий турларды көп сурашат. Мен бул үч түрүн тең эле айкалыштырып иштеп келем жана кийинки жылдан баштап велосипед менен турларга чыкканга даярданып жүрөм. Себеби кызыккан туристтер көп.

С.М. кызы: — Жигиттердин пикирине кошулам. Бирок гендердик саясат гиддер арасында да байкалат. Дегеним, мага окшоп ат менен же жөө турларга чыкканды кыздар анчейин жактыра беришпейт. Алар көбүнесе маданий саякаттарга ыкташат. Анан дагы биздин гиддердин чет элдик кесиптештеринен айырмасы — универсал келишет. Башкача айтканда, ар бир гид тамак жасаганды билет.

Ээн талаада туристтерге тамак жасап берүүгө туура келет. Жөн эле бир нерсени бышырып бербей, тарых-таржымалы бар даамдарды сурашат. Кардардын айтканы мыйзам дегендей, абалдан чыгууга туура келет. 

© Фото / Салтанат Муратбек кызыСоң-Көлгө келип алып беш жылдыздуу мейманкананын талабын сурашканда асмандагы сан миң жылдыздарды көрсөтөбүз.
Атамдын жабыла турган конок үйүн эки турист кыз сактап калган. Гиддер менен маек - Sputnik Кыргызстан
Соң-Көлгө келип алып беш жылдыздуу мейманкананын талабын сурашканда асмандагы сан миң жылдыздарды көрсөтөбүз.

У.У.: — Ооба, Салтанат бул маселени абдан жакшы козгоду. Мен дагы тоонун башында салат жегиси келгенин айткан туристке тикенектен салат даярдап бергенимди эстеп кеттим. Албетте, ашпозчулук тажрыйбам бар.

Ысык-Көлдөгү жайкы эс алуу - Sputnik Кыргызстан
Укмуш кооз экен, кеттик! Ысык-Көлдүн 13 эң мыкты жери
Туристтер ар кандай болот. Айрымдары табити тарткан тамактарды сураса, кээ бирөөлөрү бут алдындагы чөптүн атын, дарылык касиетин, анын ботаникалык классификациясына кызыгат. Ал тургай талаа-түздө жүргөндүктөн этияттыкты сактоо ниетинде чагып алуучу курттар болушу мүмкүн деп эскертсең, курт-кумурсканын аталышынан тарта буттарынын канча миллиметр экенине чейин билгиси келгендери бар.

Айрым туристтер алардын коопсуздугуна да гид жооп берет деп ойлойт. Мындай учурда калем, кагаз берип, "кырсыктасам өзүм жооптумун" деп жазуусун суранабыз. Ошондо гана абал чын эле кооптуу экендигин түшүнгөндөй болушат.

Р.Т.: — Биздин конок үйүбүз Кызарт айылында жайгашкандыктан "Чабандын жашоосу" деп аталган программанын негизинде туристтерди тейлейбиз. Аты айтып тургандай, боз үй, кемегеге бышырылган тамак, жерге салынган көлдөлөң, айтор, кадимки чабандын жашоосу. Бирок айрым саякатчылар беш жылдыздуу мейманкалардын талаптарын коюшат. Биз мындай учурда түндүктөн жымыңдаган сан миңдеген жылдыздарды көрсөтүү менен каерге келгендерин түшүндүрөбүз. 

© Фото / предоставлено Уланбеком УметовымКыргызстан ат менен саякаттоону бренд кылып алса болот.
Атамдын жабыла турган конок үйүн эки турист кыз сактап калган. Гиддер менен маек - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан ат менен саякаттоону бренд кылып алса болот.

— Гиддер кызыктуу окуяларга караганда кооптуусуна көбүрөк кезигеби деп калдым. Ушундай түрдүү учурларда кандайдыр бир белгиленген эреже, тартип болушу керек го. Бул багытта азыр мамлекеттик деңгээлде мыйзамдар кабыл алына элек. Абалдан кантип чыгып жатасыздар?

Пятнадцать фото Кыргызстана, которые могут вдохновить вас на путешествие - Sputnik Кыргызстан
Бейиштин төрүндөй! Кыргызстандын көз жоосун алган жерлери сүрөттө
Р.Т.: — Туура айтасыз. Негизи эле гид болуу дүйнө элдеринде жаш кесиптин катарына кирет. Ал эми жаңыдан телчигип келе жаткан биздин республика эми гана таанышууда. Бирок келип жаткан туристтер бар, кызыгуу бар, эл бар, иш токтоп калган жок. Туризмдин ар бир багыты тездик менен өз алдынча өнүгүп жатат. Мисалы, биз ат турларын уюштурган гид катары өзүбүз коюп алган эрежелер менен иштейбиз. Үч туристке бир атчы кошуп беребиз. Эгер төртөө болуп калса, сөзсүз экинчиси да барат. Атты жакшы мингенин начар мингендерден бөлүп алабыз. Калктуу пунктуларда аттарды кое бербейбиз. Бул ат үрккөндө туристтин коопсуздугун камсыздоо максатында көрүлгөн чара. Мындай тажрыйба үстүндө пайда болгон билимди текке кетирбей, быйыл Туризм академиясына тапшырып, ат турларын уюштуруу боюнча магистрлигимди жактасамбы деген да ойлор болууда.

Жылкы минип тоо аралаган саякатты каалагандар көп. Ал дүйнөдө Чили, Россиянын Карачай-Черкес Республикасы сыяктуу саналуу гана жерлерде уюштурулат. Аларга караганда Кыргызстандын потенциалы чоң. Буга биздин тоолорубуз, жаратылышыбыздын кооздугу шарт түзөт. Андыктан, ат туруна кызыгып бизге туристтер көп келишет. Тилекке каршы, алардын дээрлик 70 пайызы үзөңгүгө алгачкы жолу бут салгандар. Жеке пикиримде, биз туризмдин ушул тармагын бренд катары алып, дүйнөгө таанылсак болот. 

© Фото / предоставлено Уланбеком УметовымГид болуу үчүн "ашың болбосо да кашың болсун" деген эл сөзүн унутпаш керек.
Атамдын жабыла турган конок үйүн эки турист кыз сактап калган. Гиддер менен маек - Sputnik Кыргызстан
Гид болуу үчүн "ашың болбосо да кашың болсун" деген эл сөзүн унутпаш керек.

— Гид болуу үчүн кайсы сапаттарга ээ болуу керек?

У.У.: — Албетте, каалоо биринчи орунда турат. Жүрөгүң каалап турса, кыйынчылыктарын сезбейсиң. Эгер акчага же башка кызыкчылык менен бул кесипке келип алсаң, бат эле тажап кетишиң мүмкүн. Анткени түйшүгү күч.

Жети облустун каалаган жерине сапар алыңыз - Sputnik Кыргызстан
Эки жакка чыгып эс алабыз. Тандаңыз. Жети облустун каалаган жерине сапар алыңыз
Мындан кем эмес маанилүүсү өз өлкөңдүн тарыхын мыкты билишиң керек. Сен канчалык чет тилдеринде сайрап турсаң да кыргыздын тарыхын билбегендигиң саякатты супсак кылып коет. Ошону менен катар эле маалыматтарды такталган булактардан алуу зарыл. Интернет же башка жактагы тастыкталбаган маалыматтарды окуп алып, аны туристке айтып берүүнү мен кайдыгерлик деп эсептейм. Мындай мамилени өз өлкөңө, тарыхыңа, элиңе, керек болсо калкыңдын келечегине жасаган чыккынчылыгың катары баалайм.

С.М. кызы: — Биздин өлкөдө гид болгусу келген жаштарды спорт менен машыгууга чакырып кетет элем. Анткени кара күчтү талап кылган жумуш. Чоң эле адамга энесиндей болуп кам көрүп, ооруп калса алгачкы медициналык жардам көрсөтүп, тажабай кооз сүйлөп жер таанытып жүрүүгө күч-кубат жана эбегейсиз зор чыдамкайлык керек. Муну спорттон гана алууга мүмкүн.

Р.Т.: — Кыргызда «Ашың болбосо да, кашың болсун» деген жакшы макал бар. Конфликтинин алдын алуу, келип чыккан маселени сүйлөшүү жолу менен чечүү, туристке кардардай эмес, коноктой сый мамиле көрсөтүү гиддин башкы куралы деп ойлойм. Анан, албетте, медициналык жалпы түшүнүк, география, ботаника, зоология илимдерин билүү, тез, так которо алуу, бай тарыхыбыздын жок дегенде өзүң саякатка чыгып жүргөн аймагы тууралуу маалыматка ээ болуу шарт.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0