Министрлик мектеп формасын тандоодо эске алчу шарттарды атады

Жазылуу
Мектепте бирдиктүү форма кийүү өкмөттүн 2015-жылдагы токтому менен бекитилген.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги мектептерге окуучулар кийчү форманы тандоодо баасын жана сапатын ата-энелер менен макулдашуу керектигин сунуштайт. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

"Мектеп менен ата-энелер окуучулардын формасын биргеликте тандашы керек. Кийимдердин өңү кара, боз, көк, кочкул кызыл болушу шарт. Ошол эле учурда классикалык форма — үстү ак, алды кара кийимдерге да уруксат берилет", — деп айтылат маалыматта.

Билим берүү жана илим министрлиги  бирдиктүү форманы тандоодо анын баасы менен сапаты ата-энелердин чөнтөгүнө жараша болушу керектигин эскертти.

Эң башкы талап — окуучулардын формасы "Балдардын кийимдери менен бут кийимдеринин коопсуздугу жөнүндөгү" техникалык регламентке дал келиши керек.

Мектепте бирдиктүү форма кийүү өкмөттүн 2015-жылдагы токтому менен бекитилген.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0