Ысык-Көлгө кетчү жол жабылып, чектөө киргизилет. Себеби

Жазылуу
Чолпон-Ата шаарына Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун келери күтүлүп жатат.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы Ысык-Көл облусунун тургундарына жана конокторуна кайрылуу таратты.

Маалыматка ылайык, 26-28-июль күндөрү Ысык-Көл облусуна Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун келери күтүлүп жаткандыктан, бул күндөрү жол кыймылына чектөөлөр киргизилет.

"Кадырлуу коноктун кортежи өтчү маалда жол кыймылына чектөө киргизилип, кошумча жол инспекторлору чыгат. Мындан улам ЖКККББ айдоочуларга жол эрежелерин сактоого чакырат", — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-июлда, тажикстандык кесиптеши Эмомали Рахмондун чакыруусу менен Исфара шаарына кыска мөөнөттүү жумушчу сапары менен барат. Анда эки тараптуу кызматташтыктын олуттуу маселелери, анын ичинде чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо процесстери талкууланат.

Ал эми лидерлердин кийинки жолугушуусу Чолпон-Ата шаарында болору пландалган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0