Эл каттоодо колдонулчу мобилдик тиркеме сыноодон өтүп жатат

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүТелефон кармап турган адам. Архив
Телефон кармап турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2020-жылы Кыргызстанда калкты жана турак жайды каттоо жүрөт. Иш-чараны өткөрүү үчүн 25 миң киши атайын окуудан өтүп, кыргызстандыктар 19 суроого жооп беришет.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. 2020-жылда өткөрүлүүчү эл жана турак жай фондун каттоодо колдонулчу мобилдик тиркеме иштелип чыгып, тестирлөөдөн өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Мобилдик тиркеме иштеп чыгууга президент Сооронбай Жээнбековдун эл каттоону электрондук форматка өткөрүү тапшырмасы себеп болду.

Тиркеменин ишин текшерүү Ысык-Көл облусунун Кум-Бел айылдык аймагында өткөрүлүп, эл арасында сурамжылоо жүргүзүлдү.

"Адистер программа планшеттердин эки түрүндө жана уюлдук телефондо кандай иштээрин сынап көрүп, бул гаждеттер тиркеме үчүн ыңгайлуу жана оптималдуу вариант деп божомолдоп жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, 2020-жылы Кыргызстанда калкты жана турак жайды каттоо жүрөт. Иш-чараны өткөрүү үчүн 25 миң киши атайын окуудан өтүп, кыргызстандыктар 19 суроого жооп беришет.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0