Көлдө туристтик милицияга кайсы суроолор менен кайрылышат. Милициянын жообу

© Фото / пресс-служба УВД Иссык-Кульской областиРабота туристической милиции в Иссык-Кульской области
Работа туристической милиции в Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Туристтик милиция 2018-жылдын соңунда түзүлгөн. Ал Туризм департаменти менен биргеликте иштейт.

ЫСЫК-КӨЛ, 25-июл. — Sputnik. Быйыл май айынын башында Ысык-Көл облусунда туристтик милиция иштей баштады. Алар эмне иштерди жасай турганын милициядан тизмектеп беришти.

Гид Салтанат Муратбек кызы - Sputnik Кыргызстан
Радио
Муратбек кызы: гид болуп иштеп, алгачкы акчамды 14 жашымда тапкам
Жаңы бөлүмүндө учурда 18 киши иштеп жатат. Алардын сегизи Каракол шаарынын борборунда болсо, калгандары Ак-Суу, Жети-Өгүз жана Тоң районундагы тоолуу аймактарда. Тоо-ташка чыгып сейилдеген чет элдик туристтер көп болгондуктан, милиция кызматкерлери дал ушул аймактарды дагы күзөтүшөт.

Туристтик милицияга тандоо учурунда талапкерлердин кыргыз, орус жана англис тилин билүүсү эске алынган. Андан сырткары, Кыргызстандын тарыхын жакшы билгендерге артыкчылык берилген.

Милициянын старшинасы Самат Ибраевдин айтымында, аларга күн сайын ондогон турист түрдүү суроолор менен кайрылат. Чет элдиктер негизинен кайдан тамак ичүүгө болорун, бир жерден экинчи жерге кантип жете аларын сурашат.

"Кайрылгандар мейманкана кайда экенин көп сурашат. Андан сырткары, тоого чыккандар бул же тигил жол менен кайда барса болоруна кызыгышат. Бардык суроолорго жооп берип, жардам бергенге аракет кылабыз", — деди Ибраев.

Туристтик милициянын кызматкерлерин көк түстөгү униформасы аркылуу таанууга болот. Андан сырткары, алардын күрмөсүндө Tourist Militia деген жазуулар бар.

Белгилей кетсек, туристтик милиция 2018-жылдын соңунда түзүлгөн. Ал Туризм департаменти менен биргеликте иштейт. Негизги максаты — өлкөгө келген чет элдик туристтердин коопсуздугун камсыздап туруу.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0