Кыргыз-тажик чегиндеги айылдардан көчүрүлгөн 700гө жакын киши үйүнө кайтты

© Sputnik / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевСтроительство автодороги Ак-Сай — Тамдык в Баткенском районе
Строительство автодороги Ак-Сай — Тамдык в Баткенском районе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чек арадагы окуя курчуганда Ак-Сай менен Капчыгайдын айрым тургундары Баткен шаарына убактылуу алып келинген.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан улам Баткен шаарына көчүрүлгөн Ак-Сай менен Капчыгай айылдарынын 674 тургуну өз үйлөрүнө кайтты. Бул тууралуу Баткен облустук администрациясынын маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, бүгүн, 25-июлда, эртең мененки саат 7:10до тосулган жол ачылгандан кийин жашоочулар үйлөрүнө жеткен.

"22-июлда 315 жаран убактылуу көчүрүлүп келген. 23-июлда түштөн кийин абал курчуганда дагы келип, кишилердин саны 674кө жеткен. Бирок алардын 263ү туугандарынын үйүндө болду. Облус жетекчилиги 415 жаранды жайгаштырып, тамак-аш менен камсыздап турду", — деп маалымат кызматы билдирди.

Ситуация на кыргызско-таджикской границе в Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-тажик чек арасы: автотрассалар ачылды
Эскерте кетсек, кыргыз-тажик чек арасында чатак 22-июль күнү чыккан. Ак-Сай (Кыргызстан) менен Ворух (Тажикстан) айылдарынын жашоочулары чырдаша кеткен. Ворухтун тургундары кыштактын кире беришине флагшток орнотмокчу болушканда аксайлыктар каршы чыккан. Кайым айтышуу учурунда бири-бирин ташка алып, ок атылган. Мунун кесепетинен 14 кыргызстандык жаракат алган болчу.

Ал эми 23-июлда тажик тараптан эки ирет ок атылып, кыргызстандык чек арачылардын бирөө жарадар болгон.

Кечээ жолдор жабылып, нааразы болгон эл Баткен облустук администрациясынын алдына митингге чогулган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0