00:25 09 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8490
  • EUR77.5883
  • RUB1.0962
Каналдагы суу. Архивдик сүрөт

Кадамжайдагы кургап турган 600 гектар жерге суу жетти

© Sputnik / Мирбек Сакенов
Коом
Кыскача шилтеме алуу
184 0 0

Суу жетпеген жерлер колдонулбай келген.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Кадамжай районундагы Бирлик айылында жай мезгилинде болгон суунун тартыштыгы чечилди. Бул тууралуу долбоордун аткаруучулары кабарлашты.

Маалыматка ылайык, миңден ашык түтүн жашаган аймактагы 600 гектар жерге суу бара баштады. Анын жыйынтыгында Сырт, Вартан, Какыр, Моло, Чечме жана Бел айылдарына сугат суулары толук жетип калды.

"Жай мезгилинде 800 гектар жердин жарымына суу жетпей келген. Бул жерлер айдалбай көп жылдык чөп өстүрүлүп, айрым жерлер такыр эле иштетилбей калган. Андыктан жергиликтүү тургундар Ууру-Сай дарыясынан суу алып келүү маселесин көтөрүшкөн", — деп айтылат маалыматта.

Жыйынтыгында аталган дарыядан жарым чакырымдай канал тартылып келген. Суу колдонуучулар ассоциациясы менен айыл өкмөтү беш чакырымдай каналды өздөрү тазалап, калыбына келтирген.

Тема боюнча

Милиция: Чүйдө суу талаштан чыккан мушташ боюнча чагымчыл кабар таратпагыла!
Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 2 млрд. куб метрге азайды
Баткенде жерди өздөштүрүү үчүн 46 чакырымдык канал курулуп баштады
Белгилер:
жер, Кадамжай, Баткен, суу каналдары, Суу, сугат

ЭҢ МААНИЛҮҮ