Рута, хмель, базилик, солодка... Чөптөрдүн эне тилде аталышын билип алыңыз

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүКаакым. Архив
Каакым. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чөптөрдүн жана чөп түркүмүндөгү өсүмдүктөрдүн кыргызча аталышын адашпай билип алсаңыз ашыкча болбосо керек.

Бүгүнкү "Тибиртке" рубрикасында дал ушул темада сөз болот. Материалда Константин Юдахиндин сөздүгү пайдаланылды.

Люцерна, клевер — беде;

Трилистник — уй беде;

Донник — ак кашка беде;

Кашка — коён беде;

Жёлтый буркун — сары кашка беде;

Мята — жалбыз;

Конопля — кара куурай;

Крапива — чалкан;

Лопух — төө жалбырак;

Мак — кызгалдак жана апийим маанисинде да айтылат;

Мать-и-мачеха — өгөй эне (сары гүлдүү, көп жылдык өсүмдүктүн бир түрү);

Одуванчик — каакым;

Подорожник — бака жалбырак;

Щавель — ат кулак, козу кулак;

Полынь — эрмен, шыбак, шыраалжын;

Таволга — табылгы, тобулгу;

Тысячелистник — тегерек баш чөп;

Чабёр — жапалак көкөмерен;

Дягиль — кеме чайыр;

Хмель — кулмак (оролмо өсүмдүктүн бир түрү, бул сыра ачытууда колдонулат);

Рута — адырашман;

Цикорий — чачыраткы. Тамыры кофеге кошулуп жүрөт;

Чертополох — коко тикен, төө тикен;

Тмин — зире;

Чемерица — марал кулак;

Лапчатка — кош таман (сарала гүлдүү көп жашоочу чөп өсүмдүк);

Белена — меңдубана;

Хвощ — кырк муун, жүлгүр;

Репейник — уйгак;

Василёк — козу уйгак;

Бодяк — көк тикен;

Базилик — райкан;

Черемша — аюу согон, жапайы сарымсак;

Лакрица, солодка — кызыл мыя;

Астрагал — төө куйрук, түлкү куурай;

Ширяш — чырыш.

Айрым учурда "ворон" жана "воронаны" алмаштырып алабыз, биз канаттууларды дагы кыргызча атап бергенбиз.

Мындан тышкары, мөмө-жемиштердин дагы аталыштарын карасаңыз болот.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0