Москвага сапар алган Атамбаев чек араны мыйзамдуу кесип өтөбү? Расмий жооп

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев. Архив
 Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурдагы президент Канттагы авиабаза аркылуу Москвага учуп кетет.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Мамлекеттик чек ара кызматы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев өлкө аймагынан мыйзамдуу жол менен чыгып жатабы деген суроого жооп берди.

Бүгүн, 24-июлда, Атамбаев ЖККУнун "Кант" авиабазасы аркылуу саат 12:30да Москвага уча турганын билдирген. Аны коштогон атайын кортеж учурда авиабазанын аймагына кирип кетти.

Андыктан Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Чек ара кызматы менен байланышты.

"Мамлекеттик чек арадан өткөн бардык жарандар чек ара көзөмөлүнөн өтөт. Андыктан алардын паспортуна өлкө аймагынан чыгып, же кирип жаткан күнү белгиленген атайын штамп коюлат. Канттагы аскер базасында дагы биздин мобилдик топ бар, алар чек арадан өткөндөрдү көзөмөлдөйт", — деп Чек ара кызматынан түшүндүрүштү.

Алмазбек Атамбаевди коштогон кортеж Кантты көздөй кетти. Видео - Sputnik Кыргызстан
Алмазбек Атамбаевди коштогон кортеж Кантты көздөй кетти. Видео
Алмазбек Атамбаев Москвага атайын чакыруу менен бет алганын айтып, бирок сапардын максатын ачыктаган эмес. Мурдагы президент статусунан ажыратылгандан кийин анын Кой-Таштагы үйүндө тарапташтары чогулган. Ошондон бери мурдагы президент тарапташтары менен ошол жерде. Ага ИИМге келип сурак берүү үчүн үч жолу чакыруу баракчасы келген. Бирок Атамбаев азыркы бийлик мыйзам талаасына түшүшү керектигин айтып, ИИМге барбай турганын билдирген.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0