Чек ара кызматы: Ак-Сайдагы кырдаал өзгөргөн жок

Жазылуу
Чек арачылар күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөнү улантууда.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Мамлекеттик чек ара кызматы 24-июлдун эртең мененки маалына карата Баткендеги кыргыз-тажик чегиндеги кырдаал өзгөрүүсүз бойдон турганын билдирди.

Чек арачылар күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөнү улантууда. Кыргызстан менен Тажикстандын тийиштүү вдеомстволору сүйлөшүү жүргүзгөндөн кийин эки тараптын чек арачылары чектешкен аймактарды биргеликте күзөтүп жатат.

"Исфана — Баткен жана Исфара — Ворух автоунаа жолдору жабылган. Кырдаалды жөнгө салуу жана түрдүү жаңжалдарга жол бербөө максатында жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Тез жардам унаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чек ара чырынан жабыркагандарга реанимобиль жана хирургдар жөнөтүлдү
Эске салсак, 22-июлда Ак-Сай (Кыргызстан) менен Ворух (Тажикстан) айылдарынын жашоочуларынын ортосунда чыр чыккан. Ворухтун тургундары кыштактын кире беришине флагшток орнотмокчу болушканда, аксайлыктар каршы чыккан. Кайым айтышуу учурунда тараптардын бири ок чыгарган.

Ал эми 23-июлда тажик тараптан эки ирет ок атылып, кыргызстандык чек арачылардын бирөө жаракат алган.

Шейшемби күнү кечинде чек арадагы абал тууралуу Кыргызстан менен Тажикстандын вице-премьер-министрлери Жеңиш Разаков жана Азим Иброхим сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Анда тараптар чатактын чыгыш себебин биргелешип иликтөөгө алууну талкуулашты. Андан сырткары, биргелешип кайгуул иштерин өткөрүп, эки элдин ортосунда түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү макулдашты.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0