Кыргыз-тажик чек арасына аскер техникасы жөнөтүлдүбү? Чек ара кызматынын жообу

Жазылуу
Ведомстводон чек арадагы абал өзгөрүп кетсе, ага карата чара көрүүгө жана кырдаалды жөнгө салууга күч да, каражат да жетиштүү экендигин айтышты. Социалдык тармактарга чек арага аскер техникасы жөнөтүлдү деген маалымат-видео чыккан.

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасына аскер техникасы жөнөтүлдү деген маалыматы четке какты.

Аталган ведомствонун маалымат кызматы мындай өңүттөгү маалымат социалдык тармакка тарап кеткендигин айтышты.

"Аскер техникаларынын колоннасы "Сары-Таш — 2019" деп аталган машыгуудан кийин Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак шаарына карай багыт алган. Видео Жалал-Абаддагы ашуудан тартылган", — деп айтылат маалыматта.

"Сары-Таш — 2019" деп аталган атайын тактикалык машыгуу Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын планынын негизинде өткөрүлгөн.

Чек ара кызматы элди дүрбөлөңгө түшпөөгө, маалыматтарды текшерип алууга чакырды. Ведомстводон мамлекеттик чек арадагы абал өзгөрүп кетсе, ага карата чара көрүүгө жана кырдаалды жөнгө салууга күч да, каражат да жетиштүү экендигин айтышты.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен тажикстандык кесиптеши Эмомали Рахмон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков менен Рахмон чек ара чуусуна карабай жолугат
Эске салсак, кечээ, 22-июлда, Ак-Сай (Кыргызстан) менен Ворух (Тажикстан) айылдарынын жашоочуларынын ортосунда чыр чыккан. Ворухтун тургундары кыштактын кире беришине флагшток орнотмокчу болушкан. Ал эми ага аксайлыктар каршы чыккан. Кайым айтышуу учурунда тараптардын бири ок чыгарган. Мамлекеттик чек ара кызматы окту жай тургундар деле чыгарышы ыктымалдыгын айткан.

Бүгүн, 23-июлда, тажик тараптан эки ирет ок атылып, кыргызстандык чек арачылардын бирөө жаракат алган.

Муну менен катар эле КРдин Мамлекеттик чек ара кызматы Тажикстан тарапты эмоцияга алдырбоого жана кыргыз тарапты негизсиз күнөөлөөдөн алыс болууга чакырган билдирүү таратты.

Эки өлкө жарандарынын ортосунда чек ара чыры маал-маалы менен чыгып турат. Жакында эле Баткен районунун Достук айылынын тургунун коңшу мамлекеттин Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү кармап кеткени маалым болгон. Бул фактыга нааразы болгон эл облустук администрацияга келип, аларга тиешелүү тараптар маалымат берген. Бирок алигүнчө ал кишиден дайын жок болуп жаткандыгын 17-июлда Баткен облустук милициясынан кабарлашкан эле.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0