Маршруткага желдеткич орноткон айдоочу алкоого алынууда. Видео

© Sputnik / Табылды КадырбековАялдамада турган адамдар. Архив
Аялдамада турган адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Интернет колдонуучулар мээ кайнаткан ысыкта жүргүнчүлөрдү ойлогон айдоочуну алкап жатышат.

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Кыргызстандагы микроавтобустардын биринин айдоочусу жүргүнчүлөргө кам көрүп, салонго желдеткич орнотту.

Анын видеосу Instagram баракчасына жарыяланды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от OMKS 📺 VIDEO (@omks_video)

Видеодон бусиктин ичинде үч жерге желдеткич коюлганын көрүүгө болот.

Айрым интернет колдонуучулар желдеткич Бишкектеги №195 маршруткага коюлган деп жазышса, бир даары Бишкек — Военно-Антоновка каттамы боюнча жүргөн бусик экенин белгилешүүдө. Кээ бир колдонуучулар мындай микроавтобусту Жалал-Абад шаарынан көргөнүн айтышты.

Белгилей кетсек, Кыргызгидромет 26-июлдан 29-июлга чейин Кыргызстан боюнча абанын температурасы көтөрүлүп, айрым жерлерде 40 градуска дейре жетерин эскерткен.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0