Майыптыгы барларды окутууну өнүктүрүү концепциясы бекитилди

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүМайып бала. Архив
Майып бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган концепция БУУнун Балдар укуктары жөнүндө конвенциясынын жана Кыргызстандын Конституциясынын ченемдерине ылайык, ар бир баланын билим алуу укугун коргоону ишке ашыруу максатында жасалды.

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. 2019-2023-жылдарга Кыргызстанда Майыптыгы барларга билим берүүнү өнүктүрүү концепциясы бекитилди. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Аталган документ БУУнун Балдар укуктары жөнүндө конвенциясынын жана Кыргызстандын Конституциясынын ченемдерине ылайык, ар бир баланын билим алуу укугун коргоону ишке ашыруу максатында жасалган.

Жогорудагыдай билим берүү каралган документте мамлекеттин билим берүү саясатын ишке ашыруу артыкчылыктуу багыт катары аныкталган.

"Инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү концепциясы менен программасын ишке ашыруунун алкагында майыптыгы бар окуучулардын билим алуу муктаждыктарын эске алып, мыйзам чыгаруу базасын жакшыртуу каралган. Андан сырткары, билим берүүнүн бул ыкмасы  жөнүндө калкка кеңири маалымдоо да бар. Жаңы деңгээлдеги адистерди даярдоо, окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу жагы да пландалган", — деп айтылат маалыматта.

Концепцияны ишке ашыруунун жыйынтыктары боюнча 2023-жылга карата төмөнкүлөр күтүлүүдө:

  • билим алууга жете ала турган атайын билимге муктаж окуучулардын санын көбөйтүү;
  • интернат тибиндеги стационардык мекемелердин шарттарында окуган балдардын санын азайтуу;
  • билим берүү уюмдарынын инфратүзүмүн атайын билимге муктаждык окуучулардын керектөөлөрүн эске алуу менен жакшыртуу;
  • инклюзивдик билим берүүнүн, үй-бүлөлөрдү жана окуучуларды социалдык коштоо системасынын натыйжалуу үлгүсүн киргизүү;
  • атайын билим алууга муктаж  окуучуларды коомго социалдаштыруу жана интеграциялоо үчүн шарттарды түзүп берүү.

Угуусу, сүйлөөсү, көрүүсү жана интеллектуалдык өнүгүүсү начар балдарды окутуу максатында республикада 14 атайын мектепке чейинки билим берүү уюму жана 18 атайын жалпы билим берүү уюму иштейт. Алар жалпысынан 3 жаштан 18 жашка чейинки беш миңден ашуун баланы окутат.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0