Адам уурдоо, рейдерлик, оффшор... Ажолордун кылмышка аралашкан балдары

© AFP / Andreas Arnold / POOL Нападение с ножом на беременную женщину в Бад-Кройцнахе
Нападение с ножом на беременную женщину в Бад-Кройцнахе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КМШ президенттеринин балдарынын арасында адам уурдоого, арам акчанын изин жашырууга жана баңгизат колдонууга шектелгендер бар.

Өткөн аптанын соңунда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин кенже күйөө баласы Отабек Умаров автоунаасынын ылдамдыгын жогорулатып айдаганы үчүн айыпка жыгылды.

Жубайлар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Президенттердин күйөө балдары. Борбор Азия ажолорунун кыздары кимге бүлө
Буга чейин YouTube тармагында Ташкенттин борбордук көчөсүндө Tesla унаасын саатына 201 чакырым ылдамдыкта айдап бара жаткан кишинин видеосу тараган. Бир катар ЖМКлар ал Умаров экендигин билдирип, социалдык тармактарда катуу талкууга алынган.

Көп өтпөй өзбек лидеринин күйөө баласы жол эрежесин бузгандыгы үчүн 1 миллион 824 570 сум (15 миң сомго жакын) айып төлөй турганы белгилүү болду.

Бул окуядан улам Sputnik Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн президенттеринин уул-кыздары жана күйөө балдары мыйзам менен "душмандашкан" учурларын эске салды.

Канбийке жана оффшор чуусу

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Leyla Aliyeva 🇦🇿 (@leylaaliyeva.999)

Илхам Алиев Азербайжанды башкарып келе жатканына 16 жылдын жүзү болду. Анын Лейла, Арзу аттуу кыздары жана Гейдар аттуу уулу бар. Алиевдердин үй-бүлөсү, анын ичинен эки кызынын ысымдары былтыркы жылы ЖМК беттеринде бир топ чуулуу макалаларда айтылып жүрдү. Британиялык The Guardian басылмасы алар Лондон шаарында Child&Child деп аталган компаниядан 60 миллионов фунттук (7,4 миллион доллар) элиталык батирди оффшордук компания аркылуу сатып алууга аракет кылганын жазган. 

Рабочая встреча глав государств центрально-азиатского региона и России - Sputnik Кыргызстан
Борбор Азия өлкөлөрүнүн мурдагы президенттеринин балдары эмне менен алек?
Негизи эле "Панама документтери" деп аталган оффшордук компаниялар тууралуу европалык журналисттердин 2015-жылкы иликтөөсүндө Алиевдердин Улуу Британиядагы мүлкү тууралуу айтылган. Ошондой эле ал документте президенттин кыздарынын байлыгы миллиарддаган долларлап саналары жазылган. Анда журналисттердин бул жазганына Алиевдин маалымат кызматынын жетекчиси "Азербайжандын мыйзамдарына ылайык президенттин уул-кыздары коммерциялык ишканаларды башкарууга укуктуу" деп гана жооп берген.

Назарбаевдин небереси 

Отставкасына карабастан эл башчылыгы жана Коопсуздук кеңешинин төрагасы өңдүү бир топ ыйгарым укуктары сакталып калган Казакстандын  мурунку президенти Нурсултан Назарбаевдин дагы үй-бүлөсүндө жагымсыз окуялар болуп турат. Эң алгачкысы мурдагы күйөө баласы Рахат Алиев менен байланыштуу болчу. Ал улуу кызы Дариганын жолдошу эле. Алиевдин карьералык өсүшү 1993-жылы башталган. Алгач Саламаттыкты сактоо министрлигинин бөлүм башчысынын орун басары болуп, андан соң өкмөт аппаратында жана бир нече ири компанияларда эмгектенген. Андан соң Алматынын Салык полициясын жетектеп, элчи болуп, айтор тез арада баш айланткан ийгиликтерди багынткан. 

© AFP / DRAGAN TATIC / HBF APA Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин мурдагы күйөө баласы Рахат Алиев
Адам уурдоо, рейдерлик, оффшор... Ажолордун кылмышка аралашкан балдары - Sputnik Кыргызстан
Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин мурдагы күйөө баласы Рахат Алиев

Бирок мунун баары 2007-жылы кумга сиңгендей жок болгон. Өзү акционер болгон "Нурбанк" ишканасынын жетекчиси уурдалып, буга Алиевди айыпташкан. Көп өтпөй ал кызматын тапшырып, Европага качып кеткен. Кийин эл аралык издөөдө жүрүп, Австриядан кармалган. Бирок европалыктар аны өз өлкөсүнө экстрадициялоодон баш тарткан. Казакстанда дагы бир нече кылмыш иши козголгон. Бирок Алиев Вена шаарындагы түрмөлөрдүн биринде каза болгон.

Бул үй-бүлөдөгү андан кийинки "терс" каарман — анын уулу, 28 жаштагы Айсултан Назарбаев. Ал Лондон шаарында жүрүп баңгизаттын таасири менен полиция кызматкерине каршылык көрсөтүп, чаап жана тиштеп алгандыгы айтылууда. Баса, Айсултандын "башына мүшкүл иш түшкөн учурда баңгизатын колдонгонун, аны таятасы биринчилерден болуп билгенин" айтканы бар.

Экстердин "мураскерлери"

Акаевдин үй-бүлөсү

© Фото / Владимир Пирогов Кыргызстандын биринчи президенти үй-бүлөсү менен
Адам уурдоо, рейдерлик, оффшор... Ажолордун кылмышка аралашкан балдары - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын биринчи президенти үй-бүлөсү менен

Кыргызстандын алгачкы президенти Аскар Акаевдин тун кызы Бермет Акаева Казакстан жараны, ишкер Адил Тойгонбаевге турмушка чыгып, бир топ жыл бирге өмүр сүргөн. Тойгонбаев “кыргыздын эрке күйөө баласы” атыгып, жубайлар эки балалуу болушкан. 2005-жылкы ыңкылаптан соң Тойгонбаев рейдерлик, жемкорлук жана алдамчылык боюнча сыртынан айыпталган. Мурдагы жылы борбор калаанын Биринчи Май райондук соту аны мүлкүн конфискациялоо, 20 миң сом өлчөмүндөгү айып менен 20 жылга эркинен ажыратуу боюнча өкүмүн сырттан угузган. Ошондой эле сот Тойгонбаевден 677 миллион сомду “Манас” эл аралык аба майданы” ААКтын пайдасына төлөтүү чечимин чыгарган. Баса, Тойгонбаев 2016-жылы Дубайдан кармалып, кайра күрөөгө бошотулгандыгы тууралуу айтылган.

© AFP / STR / RTR POOLАйдар Акаев менен Алия Назарбаеванын үйлөнүү тою. Чолпон-Ата шаары, 1998-жыл
Адам уурдоо, рейдерлик, оффшор... Ажолордун кылмышка аралашкан балдары - Sputnik Кыргызстан
Айдар Акаев менен Алия Назарбаеванын үйлөнүү тою. Чолпон-Ата шаары, 1998-жыл

Ал эми Акаевдин уулу Айдар атасы бийликте турган убакта Улуттук олимпиада комитетин жетектеген, каржы министринин кеңешчиси болгон, ошондой эле Казакстандын журт башчысы Нурсултан Назарбаевдин көкүрөк күчүгү Алия менен баш кошуп, бирок никеси узакка созулган эмес. Ыңкылаптан кийин ал “Кумтөрдүн” иши боюнча келишимге кол коюудагы жемкорлукка шектелип, ага эки ирет издөө жарыяланган. 2005-жылдан бери Россияда ата-энеси менен турат, ишкерлик менен шугулданат.

Курманбек Бакиевдин балдары

Экинчи президент Курманбек Бакиевдин эки уулу дагы мыйзамды сыйлабастыгы менен элге жакпай калган. Атасынын бийлиги кулаган соң экөөнүн тең бир топ мыйзам бузганы аныкталып, сыртынан кесилген. Улуусу Марат УКМК төрагасынын мурдагы орун басары болгон. Кийин ал 27 жылга эркинен ажыратылган. Бирок учурда үй-бүлөсү менен Белоруссияда жашайт.  

© AP Photo / Sultan DosaliyevКачкын президент Курманбек Бакиевдин кенже уулу Максим Бакиев
Адам уурдоо, рейдерлик, оффшор... Ажолордун кылмышка аралашкан балдары - Sputnik Кыргызстан
Качкын президент Курманбек Бакиевдин кенже уулу Максим Бакиев

Экинчи баласы Максим Бакиев Өнүктүрүү, инвестиция жана инновациялар боюнча борбордук агенттигин (ЦАРИИ) жетектеген. Ал дагы сыртынан ар кыл иштер боюнча бир нече жылга, анын ичинде өмүр бою да эркинен ажыратылган. Далилденген айыптардын арасында келишимге кол коюуга мажбурлоо, кылмыштуу кирешелерди адалдаштыруу, опузалоо жана каражат чыгарып кетүү да бар.

Гүлнара Каримова

© AFP / Amy Sussman / GETTY IMAGES NORTH AMERICAГүлнара Каримова алгач дизайнерлик менен алектенген
Адам уурдоо, рейдерлик, оффшор... Ажолордун кылмышка аралашкан балдары - Sputnik Кыргызстан
Гүлнара Каримова алгач дизайнерлик менен алектенген

Өлкө башчынын уул-кыздарынын обу жоктугу жагынан Өзбекстан дагы артта калган эмес. Тагыраагы, раматылык Ислам Каримовдун тун кызы Гүлнара өлкө ичинде гана эмес, эл аралык деңгээлде бир топ кыңыр иштерди кылып, азыр кылмыш жоопкерчилигин өтөп жаткан кез.

Заңги-Ата районундагы аялдардын №21 колониясында отурган Каримова өткөн аптада ден соолугу кескин начарлап, ооруканага жеткирилген.

КМШ өлкө башчыларынын жыйыны. Архив - Sputnik Кыргызстан
Балдарынын миллиардды чапчыган бизнеси. Постсоветтик өлкө башчыларынын уул-кыздары
Абакка эмне болуп түшкөндүгү тууралуу айтсак, Каримова кезегинде бизнес жана мода менен алектенген. Ошондо эле анын ысымын Өзбекстандагы жемкорлук менен байланыштырышчу. 2008-жылы БУУ жана Швейцариянын борбору Женевадагы эл аралык уюмдардагы Өзбекстандын туруктуу өкүлү кызматын ээлеген. Бирок 2013-жылы аны дипломатиялык иммунитеттен ажыратып, Швейцария прокуратурасы арам акчаны адалдаштыруу шеги менен кылмыш ишин козгоп, эсептериндеги 800 миллион франкты тоңдурган.

Ислам Каримовдун башкаруусунун соңку жылдарында ал атасынын каарына калып, үй камагында кармалат деген маалымат тараган. 2015-жылдын августунда жемкорлукка аралашкандыгы үчүн Каримова Өзбекстанда беш жылга эркинен ажыратылган

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0