Кыргызстандын жоокерлери эл аралык аскер оюндарына катышат

Жазылуу
Катышуучулардын бардыгы Россиянын инженердик техникаларын колдонот. Мелдеш төрт этаптан турат.

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн 25 жоокерден турган командасы эл аралык аскер оюндарынын алкагында Тюмень шаарында өтчү "Коопсуз маршрут – 2019" сынагына катышат. Бул тууралуу Генералдык штабдын маалымат кызматы билдирди.

Эл аралык беттештин 5-августтан 12-августка чейин өтөрү маалым болду.

Ага ылайык, аталган мелдешке катышуу үчүн Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн кургактагы аскерлери "Эдельвейс" окуу борборунда атайын машыгуудан өттү.

"Учурда Кыргызстандын командасы Россиянын Коргоо министрлигинин "Андреевское" полигонуна келип, тыкыр машыгып жатат", — деп айтылат маалыматта.

Инженердик бөлүмдөрдүн "Коопсуз маршрут" эл аралык конкурсу 2015-жылдан тарта өтүп келет. Быйыл ага Кыргызстандын, Белоруссиянын, Өзбекстандын жана Россиянын жоокерлери катышып, бардыгы тең Россиянын инженердик техникаларын колдонот. Мелдеш төрт этаптан турмакчы.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0