Бишкек ЖКККББнын башчысы менен орун басары сынактан кулап калды

© Sputnik / Табылды КадырбековКруглый стол "Как мэрия будет решать проблемы транспорта в Бишкеке"
Круглый стол Как мэрия будет решать проблемы транспорта в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сынактан 102 талапкер өтпөй калган.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Бишкектин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККБ) башчысы Шайырбек Бопонов жана анын орун басары Мирлан Чалыбаев милициянын жаңы түзүлгөн Кайгуул кызматынын башкармалыгына сынак тапшырып өтпөй калды.

ЖКККББнын расмий сайтындагы маалыматта сынактан 102 талапкер кулаганы көрсөтүлөт.

Алардын катарында Бопоновдун орун басары Мирлан Чалыбаев да бар. Ал эми Бопоновдун экинчи орун басары Мирлан Боенов маектешүүдөн өтүп, Кайгуул кызмат башкармалыгынын төрагасынын орун басары болду.

Транспортное средство в Лилле - Sputnik Кыргызстан
ЖКККББ: мас айдоочу "Коопсуз шаардын" камерасын сүзүп кетти
Белгилей кетсек, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругуна ылайык, Бишкек шаарында Кайгуул милициясы түзүлөт. Пилоттук долбоордун 2019-2020-жылдарга карата планы бекитилген. Жаңы түзүм Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын ордуна келиши керек болчу. Сынамык долбоор алгач Бишкекте өтүп, кийин ал башка аймактарга жайылтылмакчы.

ЖКККББнын маалымат кызматынан кабарлашкандай, жалпысынан 871 бош орун болуп, башкармалыктын жетекчи орун басарынан тарта катардагы кызматкерлерге чейин бардыгы конкурс аркылуу тандалмак. Документтер 6-июнга чейин кабыл алынган.

Милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгында иштейм деп 1500 киши арыз берген. Алар белгиленген нормативди, орто мектептин бүтүрүүчүлөрү үчүн даярдалган ЖРТны тапшырышкан. Андан сырткары, тандоондон өткөндөр маектешүүдөн да өтмөк. Тандоодон өткөндөр ИИМ Академиясында үч айлык окуудан өтөт.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0