Усубалиевдин Нарындагы сүрөтү: "Тазалыктын" жетекчиси катуу сөгүш алды

© Sputnik / Табылды КадырбековОбластная администрация в городе Нарын
Областная администрация в городе Нарын - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Социалдык тармактарда Кыргыз ССР компартиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы Турдакун Усубалиевдин Нарынга илинген баннеринде башка кишинин сүрөтү түшүп калганын жазып чыгышкан.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Нарындын негизги көчөсүнө мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесин утурлай илинген баннерге анын ордуна башка кишинин сүрөтү чапталган окуя боюнча айрым жетекчилер жоопко тартылды. Бул тууралуу Нарын мэриясынын аппаратынын жетекчиси Кубанычбек Чымылдаков Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

Социалдык тармактарда Кыргыз ССР компартиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы Турдакун Усубалиевдин Нарынга илинген баннеринде башка кишинин сүрөтү түшүп калганын жазып чыгышкан. Баннерде Усубалиевдин ордуна эмгектин ардагери Кыдырма Орозалиевдин сүрөтү чапталган. Орозалиевге убагында жолдордун салынышына, транспорттук инфраструктуранын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн "Бишкек шаарынын ардактуу атуулу" деген наам берилген. Баннердин сүрөтү "Короче" Telegram каналына жарыяланды.

Окуядан кийин бул катачылыкка жол бергендер тууралуу кызматтык териштирүү башталган.

Чымылдаковдун айтымында, бул алешемдикке жол бергени үчүн калаанын "Тазалык" ишканасынын жетекчисине катуу сөгүш берилген.

"Мэрдин буйругу менен "Тазалыктын" жетекчисине катуу сөгүш берилди. Азыр аталган ишкананын ичинде да кызматтык териштирүү жүрүп жатат. Учурда Турдакун Усубалиевдин сүрөтү коюлган жаңы баннер илинди", — деди ал.

Турдакун Усубалиев 1919-жылы Кочкор районундагы Кочкор кыштагында туулган. Ал 2015-жылы 6-сентябрда узакка созулган оорудан каза болгон. Быйыл мамлекеттик ишмердин 100 жылдыгы улуттук деңгээлде белгиленет.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0