Министрлик: Абдылдаевдин үй-бүлөсү сууга түшүп кеткен жерге тосмо коюлбайт

© SputnikДарыя. Архив
Дарыя. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолчулар буга чейин кырсык болгон жерге тиешелүү жол белгилерин орноткон.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Молдакун Абдылдаев үй-бүлөсү менен Суусамырда сууга түшүп кеткен жерге тосмолор орнотулбайт. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, кырсык болгон Суусамыр айыл аймагынын Кожомкул менен Кызыл-Ой айылдарынын ортосунда жол белгилери бар.

"Ал жерде буга чейин жолчулар тарабынан тиешелүү жол белгилери орнотулган. Ал эми тосмолор жок болчу, каралган эмес. Шагыл жол болгондуктан тосмо орнотулбайт", — деп маалымат кызматы жооп узатты.

Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Молдакун Абдылдаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жалгыз уулу эле... Кырсык тооруган Абдылдаевдин үй-бүлөсүнүн таржымалы
Эскерте кетсек, кырсык 30-июнда саат 9.30дар чамасында Жайыл районунун Кызыл-Ой менен Кожомкул айылынын ортосунда болгон. Унаада Абдылдаев, жубайы, уулу, небереси жана айдоочусу болгон. Эки күндөн кийин аткаминер менен айдоочусунун сөөгүн суудан алып чыгышкан. 4-июлда кечинде 8 жаштагы небересинин сөөгүн табышкан. Ал эми 10-июлда жубайы Тинатин Шадыканова табылса, уулу Илимбек Абдылдаевдин сөөгүн 14-июлда гана алып чыгышкан.

Издөө иштерин ӨКМдин 98 куткаруучусу менен кырсыктаган бүлөнүн 20дай тууганы жүргүзгөн.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0