Кыргызстандыктар ысыктан улам иш күндүн кыскарышын каалайт. Сурамжылоо

Жазылуу
Сурамжылоого 2400 адам катышты.

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Добуш бергендердин 80 пайызы Кыргызстанда күндүн ысыгынан улам иш күнүн кыскартууну каалашат. Бул маалыматты Sputnik агенттигинин онлайн-сурамжылоосунун жыйынтыгынан улам билсе болот.

Окурмандарга "Күндүн ысыгынан улам Кыргызстанда иш күнүн кыскартыш керекпи?" деген суроо берилген. Суроого 2400 жаран жооп берди.

"Албетте. Мындай ысыкта иштөө мүмкүн эмес" деген вариантка 83,7 пайыз добуш берилген. Андан кийинки орунда "Жумуштан качпагыла, азыр бардык жерде кондиционерлер коюлган" (10,5 пайыз) деген жооп турат.

Иш күнү качан кыскарат?

Природа Жыргалана. Иссык-Кульская область - Sputnik Кыргызстан
Күн күркүрөп, өткүн өтөт. Бир жумага карата аба ырайынын божомолу
Иш күнүн кыскартуу боюнча маселе былтыркы жайда да көтөрүлгөн. Анда аба температурасы ачык жерлерде 60 градуска чейин ысый турганын айткан эле.

Анда Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги абанын табы беш күн катары менен 40 градустун тегерегинде болсо, жарандар кызматынан эртерээк кете аларын айткан.

КРдин Эмгек кодексинде күндүн ысыгынан иш күндүн кыскарышы боюнча айтылган эмес. Бирок жумуш берүүчү кызматкерлеринин коопсуз эмгектенүүсү үчүн шарт түзүп берүүгө милдеттүү экени айтылган.

Синоптиктердин маалыматына караганда, бул аптада Кыргызстанда абанын табы +38 градуска чейин көтөрүлөт.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0