25 жашында стоматология борборун ачкан Эрбол: түнкү үчкө чейин иштөө адатка айланды

© Фото / из личного архива Эрбола ЭмилбековаСтоматолог Эрбол Эмилбеков
Стоматолог Эрбол Эмилбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Стоматолог Эрбол Эмилбеков 25 жашында Стоматологиялык менчик клиникасын ачканга жетишкен. Дарыгерге кезекке тургандар көп болгондуктан, түнкү саат 2-3кө чейин иштегенге туура келет дейт.

Жаш болсо да илимий эмгек жазып, клиника иштетип, андан тышкары аспирантурада окуп жаткан тиш дарыгер менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы маектешти.

— 25 жашта менчик клиниканы кантип ачтыңыз?

— Алгач кандайча стоматолог болуп калганым тууралуу айтып бербейминби?

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкекте иштеген тиш дарыгер Эрбол Эмилбеков
25 жашында стоматология борборун ачкан Эрбол: түнкү үчкө чейин иштөө адатка айланды - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте иштеген тиш дарыгер Эрбол Эмилбеков

— Макул.

— Кичинекей кезимде ата-энем бизди дайыма Нуралы деген тиш дарыгерге алып барчу. Анын борборунан киши үзүлчү эмес, кезекке тургандар өтө көп эле. Бейтаптарына жасаган жылуу мамилесин көрүп, "ушундай дагы дарыгер болот экен" деп аябай таасирленгем. Кийин "мен да чоңойгондо дарыгер болом" деп кыялдана баштадым. Мектептен биология, химия сабактарын жакшы окудум. 11-класста өз күчүм менен окууга өтөйүн деп Кыргыз-орус славян университетинин алдындагы кечки окуудан билим алдым. Ошентип тырышып жатып аталган окуу жайдын медициналык факультетинин акысыз билим берген бөлүмүнө өтүп кеттим. Окуу жайдын босогосун аттаганда алдыма "дарыгер деген жоопкерчиликтүү жумуш, адамдын өмүрү бизге аманат. Ошондуктан жакшы окуп, беш жыл капаска камалган адамдай жашашым керек" деген принципти койгом. Ал — эки жакка көңүл ачканга көп чыкпоо, дос-тааныштарды азайтуу, кино-кафелердин санын кыскартуу деген түшүнүк болчу.

— Достор менен да эч жакка чыкчу эмес белеңер?

— Достор менен чанда гана жолукчумун. Бюджеттик негизде окуганыма карабай экинчи курстан баштап такси кызматында иштеп калдым. Анткени ата-энемден акча сурагым келчү эмес. Эртең менен сабакка барып, түштөн кийин такси айдап иштечүмүн. Убакытты үнөмдөп, кардар келгиче сабактарымды автоунаада отуруп алып окуп, ошол жактан доклад, рефераттын негиздерин даярдап, ойлорумду топтоп алчумун. Күйүүчү майга акча чыгарып алгандан кийин практикага жөнөйм. Практиканы сиздерге айтып жаткан Нуралы деген агайдан өткөм. "Жаштын тилегин берет" деген сөз чын айтылган. Ал киши менин устатым болуп көп мотивация берди.

© Фото / из личного архива Эрбола Эмилбекова"Студент кезде такси айдап иштеп жүргөндө чогулткан акчага стоматологиялык кресло алып койгом", — дейт Эрбол Эмилбеков.
25 жашында стоматология борборун ачкан Эрбол: түнкү үчкө чейин иштөө адатка айланды - Sputnik Кыргызстан
"Студент кезде такси айдап иштеп жүргөндө чогулткан акчага стоматологиялык кресло алып койгом", — дейт Эрбол Эмилбеков.

— Окуп эле жүрсөңүз темир тулпарды кантип алдыңыз?

— Экинчи курстан тарта сабактан кийин окуума тоскоол болбогондой бир жерде иштеш керек болду. Ойлонсом, эң ыңгайлуусу такси экен. Бул оюмду атама айттым. Ал киши "Дордой" базарында иштечү. Жайкы каникулда базардан бир контейнер ижарага алып берип, ал жактан канцелярдык товар саттым. Окуу башталарда аябай кардар көп болот эмеспи. Ошентип үч айдын ичинде бир унаанын акчасын чыгарып алгам.

— Өз алдынча канча жашыңыздан баштап иштеп баштадыңыз?

— Мектепте окуп жүргөндө, 10-класста досторум менен кафелерде иштечүмүн. Алар фотограф болчу, мени "соодага жакшысың го" деп сүрөт саттырышчу. Ошентип тойго келгендерге түшкөн сүрөтүн таратып иштеп калдым. Кичине чөнтөккө акча түшсө эле сүйүнчүбүз. Ал мезгилде 5000 сом аябай эле көп акча эмес беле. Бирок ал жакта аз эле иштедим. 11-класстан тарта күчүмдүн баарын билим алууга жумшадым.

© Фото / из личного архива Эрбола ЭмилбековаТиш дарыгер Эрбол Эмилбековдин иш түнкү саат үчтөргө чейин уланат.
25 жашында стоматология борборун ачкан Эрбол: түнкү үчкө чейин иштөө адатка айланды - Sputnik Кыргызстан
Тиш дарыгер Эрбол Эмилбековдин иш түнкү саат үчтөргө чейин уланат.

— Эми менчик клиниканы кантип ачканыңызды айтып бериңиз?

— Өзүнчө клиника ачуу менин студент кезимдеги кыял болчу. Такси айдап иштеп жүргөндө чогулткан акчага стоматологиялык кресло алып койгом. Кийин өзүнчө борбор ачсам, ошол жакта колдоном дечүмүн. Студент кезде башка бирөөлөрдүн клиникасында иштечүбүз. Кийин бейтаптарыбыз көбөйө баштаганда өзүнчө эле ачууну пландадык. Ата-энемдин колдоосу менен өз алдынча иш баштадык. Ошондо 25 жашта болчумун. Азыр 27ге чыктым. Кудайга шүгүр, туруктуу кардарлар көп. Тиш дарылагандан тышкары тишке операция жасап, балдарды да отургузабыз.

Бизге келип дарыланам дегендердин көптүгүнөн түшкү саат 14:00дөн түнкү саат 3кө чейин иштейм. Себеби айрымдар жумуштан кийин келип калышат. Өзүм да аз уктаганга көнүп алдым.

— Илимий эмгек да жазат экенсиз?

— Ооба, агайларым менен биргелешип тишке операция жасоо боюнча илимий эмгегибиз чыкты. Учурда аспирантурада окуп жатам. Негизи хирургия жаатына аябай кызыгам.

© Sputnik / Табылды КадырбековЭрбол Эмилбеков учурда аспирантурада окуп, илимий иш менен да алектенет.
25 жашында стоматология борборун ачкан Эрбол: түнкү үчкө чейин иштөө адатка айланды - Sputnik Кыргызстан
Эрбол Эмилбеков учурда аспирантурада окуп, илимий иш менен да алектенет.

— Үй-бүлөңүз, бир туугандарыңыз тууралуу да айтып бересизби?

— Атам "Дордой" базарында иштейт, апам үй кожойкеси. Мен болсо үйдүн улуусумун, төрт бир тууганбыз.

— Сыр болбосо айына канча каражат табасыз?

— Ар кандай, 2000 доллардан өйдө табабыз. Негизи жакшы дарыгер эч жерде кор болбойт. Дарыгер эле эмес бардык эле адис өз кесибин сүйүп, жумушуна жоопкерчиликтүү мамиле жасап, ишинен ырахат алса акча анын артынан ээрчийт экен.

— Түнгө чейин иштесеңиз кызыктуу учурлар көп болсо керек?

— Көбү эсимден чыгып кетти... Аа баса, бир жолу түнкү саат үч жарымда бир бейтап келди. Түнү менен тиши чыдатпай ооруптур. Кыйналып эшигинин алдында отурса кошунасы автоунаанын аккумуляторунун майы жакшы деп кеңеш айтат. Аны кебезге сиңирип алып тишине басса, ооз көңдөйү күйүп кетиптир. Бизге келгенде тиштеринин баары күбүлө баштаган экен. Бир чети жиниң келсе, кээде адамдарга таң калып күлөсүң. Анан толугу менен дарылап бергенбиз.

© Фото / из личного архива Эрбола Эмилбекова"Дарыгер деген жоопкерчиликтүү жумуш, адамдын өмүрү бизге аманат", — дейт Эрбол Эмилбеков.
25 жашында стоматология борборун ачкан Эрбол: түнкү үчкө чейин иштөө адатка айланды - Sputnik Кыргызстан
"Дарыгер деген жоопкерчиликтүү жумуш, адамдын өмүрү бизге аманат", — дейт Эрбол Эмилбеков.

— Кесибиңиз боюнча да бир-эки суроо бере кетейин. Негизи балдарды канча жашынан баштап тиш дарыгерге алып бара башташ керек?

— Баланы дарыгерге тиши чыккандан баштап көрсөтө берсе болот. Бизде күмүштөө деген процедура бар. Анда баланын жумшарып кеткен сүт тиштерин бекемдейбиз. Көп бөбөк азыр ушул процедурага муктаж. Аны жасатпаса тишке курт түшүп, нерв клеткалары ачылат дагы, андан инфекция кирет. Ошондуктан кичинекейлерди дарыгерге эртерээк алып барган жакшы. Ошондой эле балага гигиенаны акылы кире баштагандан тарта эле үйрөтүп көндүрүш керек. Алар бат эле көнүп, аны адат кылып алышат. Азыр бизге тиштери курт жеген бөбөктөр өтө көп келет. Канчалык эрте кайрылса, аны дарылоо ошончо жеңил. Айрымдар баары жарабай калганда келип өздөрү да кыйналат, жумуш да оор болот.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0