Кызымдын мурдагы жигитин жактырып калдым... Аялдын каты

© AP Photo / Antonio Pullano/InvisionКучакташып турган кыз жана эркек. Архив
Кучакташып турган кыз жана эркек. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында кызынын мурдагы сүйлөшкөн адамын жактырып калган аялдын каты жарыяланды.

... Саламатсыздарбы? Ара жолдо калып, ким менен кеңешеримди билбей турган чагым.

Диванда жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Келиниме "көңүлдөш таап ал" деп айтып, эми кайра кыжалатмын. Аялдын каты
Турмушка эрте чыгып, 20 жашымда кыздуу болдук. Бирок беш жылдан кийин жолдошум башкага кетип калгандыктан, наристемди жалгыз чоңойтууга туура келди. Атасы жоктугуна карабай "канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай" бактым. Тапканымдын баарын анын билимине жумшадым. Акыбети кайтты. Кызым өзү да аракетчил чыкты, мектепти бүткөндө жакшы окуу жайга тапшырды. Бирок чет мамлекеттерде окууну, иштөөнү эңсеп туруп алды.

Жолдошум менен ажырашкандан кийин жумуш, бала деп жүрүп жеке жашоомду деле унутуп калыптырмын. Күйөөм болсо бир да басып келген жок, кийинчерээк анын Россияга кеткенин уктум.

Кичинесинен тил курстарына барып жүргөн кызым экинчи курста эл аралык бир компанияга волонтёр болуп кирип алды. Ошол жактан өзүнөн улуу адам менен табышып алыптыр. Бир күнү "апа мен өзүмдөн 13 жаш улуу байке менен сүйлөшүп жатам, аябай жакшы адам. Мурда бир жолу үйлөнүп, бирок балалуу боло электе эле ажырашып кетиптир" деп калды. Аны укканда чок баскандай секирдим, албетте каршы чыктым. Мунун айынан экөөбүз бир нече күндөп сүйлөшпөй жүрдүк. Эч кимге көрсөтпөй канча ыйладым. "Бул адамга чыкпасам, анда чет мамлекетке кетем, Кыргызстанга кайрылып келбейм" деп чыкты. Кызыма ушунчалык байланып калыптырмын, акыры макул болдум... Анысы менен тааныштырды. Алгач, чоочун болуп туруп алды. Акырындап байкасам, оор басырыктуу, билимдүү адам экен. Санаам тынчыгандай болду. Кээде үйгө келип калганда аркы-беркини сүйлөшүп отуруп калчу болдук. Майрамдарда куттуктап калчу. Чын эле билимдүү адам экенине ынандым. Мага башкысы Маликанын бактысы эле. Себеби, баары бир окуган киши окугандыгын кылат эмеспи.

Жарым жылдай сүйлөшкөндөн кийин Малика чет мамлекетке кетем дей баштады. Сыягы, экөөнүн мамилеси жакшы болбой калган окшойт. Өжөр неме өзүнүкүн бербей, экөөбүздүн тең тилибизди албай Америкага окууга тапшырып, ошол жакта иштейм деп кетип калды. Амандыгын тилеп, айла жок узаттым.

Кызым кеткенде аябай жалгызсырадым. Өмүрүмдүн баарын балага байлаганым менен анын жашоосу, турмушу бөлөк экен.

Сейилдеп жүргөн үй бүлө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жесир калган аяшымды аяп жүрүп сүйүп калдым... Эркектин каты
Жалгыз калып, жаман болуп жүрдүм. Ал киши телефондон жазып, ал-абалымды сурап, баягысындай эле майрамдарда куттуктаганын унуткан жок. Кызымды жоктойм, сагынам. Кээде аны менен Малика тууралуу сүйлөшүп да калчубуз. Мүнөзүн эстеп, жылмайган учурлар болчу. Кийин экөөбүздүн мамилебиз өзүнөн-өзү жакшы болуп кетти. Күн өткөн сайын ал адамга байланып, жакын болуп баратам. Ал да жактырып калганын, айтор, кыйналып-кысталып, тартынып жатып билдирди. "Эгер макул болсоңор чогуу жашайлы" деген сунушун айтты. 41ге чыкканымда, жаш өткөндө сүйүү келдиби, айтор, нес абалда эле жүрөм.

Бул тууралуу кызым билбейт, ал укса кандай болот деп коркуп жатам.

Маликага айтсамбы же азыртадан мамилебизге чекит койсомбу? Бирок жалгыздыктан да тажап бүттүм. Анын үстүнө бул адамды жакшы көрүп калдым окшойт. Өзү чет өлкөлөрдө жашап, иштеп келген неме салт, "Эл эмне дейт" деген стереотиптерден алыс экенин айтып жатат. Менчи? Кийин өкүнбөгөндөй чечим чыгарганга жардам бериңиздер...

Гүлнара Жасоолова, психолог:

--Кайрылган аял алгач бир адам үчүн кызы экөөнүн мамилеси солгундап калбайбы, жакшылап ойлонушу керек. Кыйын кырдаалда жаныңда колдоо көрсөткөн киши жакын сезиле берет. Бирок аны сүйүү менен алмаштырып алган болбойт. Анын үстүнө бул адам мамилеге канчалык туруктуу?.. Кызы менен алты ай эле сүйлөшүп, андан кийин Малика чет мамлекетке жөнөп кетиптир. Мунун да бир жөнү болсо керек...

Кош бойлуу аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бүлөлүү эркектен боюмда болуп калды… Алданган кыздын каты
"Сүйдүм" деп кетип калгандай аял 18деги жаш кыз эмес. 41 жаш акыл калчап чечим чыгарып калган дасыккан курак. Жеке жашоону да ойлоп, өз бактың үчүн да күрөшүү керек. Эгер ошол адам ага татыктуу болсо. Кызыңарга экөөңөрдүн мамилеңер тууралуу айткандан кийин аны менен сүйлөшпөй, жашабай калсаңарчы?..

Ошондуктан азыр биринчи "жактырып жүрөм" деген адамды анализдеңиз, мамилеңердин ысык-кызык болуп кетишинен абайлаңыз! Ал эми кызыңызга бул тууралуу айтардан мурда аны менен экөө эмнеге сүйлөшпөй калганын акырын сураштырып көрүңүз.

Эгер себеп жөндүү болуп, тиги киши чын эле жакшы, кызы каршы болбосо анда экөөнө бакыт гана тилейбиз. Шашып чечим чыгарып жиберүүдөн этият болуңуз. Акыркы чечим өзүңүздө.

Башкы кеңешим — сөзсүз психолог менен бетме-бет сүйлөшүп алыңыз.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0