Белгисиз милиционер эмгек шарты боюнча президентке даттандыбы? ИИМдин жообу

Жазылуу
Интернетке чыккан кат анонимдик негизде жазылган.

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринен деп интернетке жарыяланган кат боюнча кызматтык иликтөөсүн баштады. Бул тууралуу Sputnik агенттигине ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Катта "Жээнбеков күзөттөн баш тартты деп айтылганы менен милиция аны "Манас" аэропортунан "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына чейин кайтарууну улантып жатканы" айтылган.

"Биздин аймак абдан чоң. Зарыл болгон жерге өз каражатыңды жумшап жетишиң керек. Көпчүлүк учурда такси менен барууга туура келет. Биз көчөдө күн-түнүнө карабай 5-6 сааттап тамак-аш, суубуз жок турабыз. Негизгиси сиздин көзүңүзгө көрүнбөшүбүз керек. Курчоого алууга расмий уруксат жок болгондуктан, жумушта жүргөнүбүз же жүрбөгөнүбүз билинбейт. Анын үстүнө кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча негизги милдеттерибиз экинчи планга калып калууда. Эл керек болгон учурда милицияны таппай калып жаткандыктан, бизге болгон ишеним жоголуп бара жатат", — деп жазылган катта.

Автор президентке кайрылуусунда, бул ишмердүүлүккө расмий ишке ашырууга шарт түзүп, же таптакыр алып салууну суранган.

Кат социалдык тармактарда жана "Короче" Telegram-каналында жарыяланган.

ИИМ кат боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүп, андан соң маалымат берилерин билдирди.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0