10:42 14 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8106
  • EUR76.8580
  • RUB1.0870
Президент Сооронбай Жээнбеков 20-июлда Ош облусунун Алай районундагы алыскы Сары-Таш жана Күн-Элек айылдарына барып, элди түйшөлткөн маселелер менен таанышты

Жээнбеков Алайдын алыскы айылдарына барды. Эл кандай арыз-муңун айтты?

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Коом
Кыскача шилтеме алуу
419 0 0

Алайдын айылдарына барып, эл арыз-муңун айтты. Сүрөттөр Сооронбай Жээнбеков өлкө аймактары боюнча өзүнүн жумушчу сапарын улантууда.

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков 20-июлда Ош облусунун Алай районундагы алыскы Сары-Таш жана Күн-Элек айылдарына барып, элди түйшөлткөн маселелер менен таанышты. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.

  • Президент КР Сооронбай Жээнбеков посетил отдаленные села Сары-Таш и Кун-Элек Алайского района в рамках своей рабочей поездки в Ошскую область
    Президент Сооронбай Жээнбеков 20-июлда Ош облусунун Алай районундагы алыскы Сары-Таш жана Күн-Элек айылдарына барып, элди түйшөлткөн маселелер менен таанышты
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент КР Сооронбай Жээнбеков посетил отдаленные села Сары-Таш и Кун-Элек Алайского района в рамках своей рабочей поездки в Ошскую область
    Айылдыктарды түйшөлткөн негизги маселелердин бири — мектеп көйгөйү экени айтылды
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент КР Сооронбай Жээнбеков посетил отдаленные села Сары-Таш и Кун-Элек Алайского района в рамках своей рабочей поездки в Ошскую область
    Ошондой эле тургундар медициналык кызмат көрсөтүүчү мекемелердин жана алгачкы жардам көрсөтүүчү дарыгерлердин жоктугуна даттанышты
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент КР Сооронбай Жээнбеков посетил отдаленные села Сары-Таш и Кун-Элек Алайского района в рамках своей рабочей поездки в Ошскую область
    Жээнбеков айылдыктар менен маектешүү учурунда Сары-Ташта 2020-жылдын жазынан тартып жаңы мектептин курулушу башталарын жана окуучуларда ыңгайлуу жана коопсуз шартта билим алуу мүмкүнчүлүгү пайда болорун белгиледи
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент КР Сооронбай Жээнбеков посетил отдаленные села Сары-Таш и Кун-Элек Алайского района в рамках своей рабочей поездки в Ошскую область
    Ал эми Күн-Элек айылындагы мектептин курулушун 2019-жылдын октябрында аяктарын убадалады.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 5
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Президент Сооронбай Жээнбеков 20-июлда Ош облусунун Алай районундагы алыскы Сары-Таш жана Күн-Элек айылдарына барып, элди түйшөлткөн маселелер менен таанышты

Айылдыктарды түйшөлткөн негизги маселелердин бири — мектеп көйгөйү экени айтылды.

"Сары-Таш айылындагы №39 орто мектеп авариялык абалда, Күн-Элек айылында мектептин жаңы имаратынын курулушу кечеңдөөдө", —деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле тургундар медициналык кызмат көрсөтүүчү мекемелердин жана алгачкы жардам көрсөтүүчү дарыгерлердин жоктугуна даттанышты.

Президент Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Сары-Таш полигонундагы аскерий машыгууну көрүп келди.
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Жээнбеков айылдыктар менен маектешүү учурунда Сары-Ташта 2020-жылдын жазынан тартып жаңы мектептин курулушу башталарын жана окуучуларда ыңгайлуу жана коопсуз шартта билим алуу мүмкүнчүлүгү пайда болорун белгиледи. Ал эми Күн-Элек айылындагы мектептин курулушун 2019-жылдын октябрында аяктарын убадалады.

Мындан тышкары, мамлекет башчы тургундар көтөргөн бардык маселелер боюнча тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына тапшырма берилерин кошумчалады.

Тема боюнча

Олимпиада чемпиону Татьяна Колпаковага президент энчилүү саат белек кылды
Белгилер:
иш сапар, курулуш, мектеп, Ош облусу, Сооронбай Жээнбеков

ЭҢ МААНИЛҮҮ